키르기스스탄 러시아인 학교 키르기스어 과목 교과서 2000년 9학년 02 토르트쿨 저수지

키르기스스탄 러시아인 학교 키르기스어 과목 교과서 2000년 9학년 02 토르트쿨 저수지



지문


СУУ САКТАГЫЧ
저수지

Кыргызстандын түштүгүндө, Баткен районунун аймагына Төрткүл суу сактагычы курулган.
키르기스스탄의 남부, 바트켄 지구 지역에 퇴르트퀼 저수지가 건설되었습니다.

Ага сууну жыйырма беш чакырымдык канал менен тоолордон, дөбөлөрдөн ашырып алып келишкен.
그곳으로 물을 25km 길이의 수로로 산들과 언덕들에서 넘게 해서 끌어왔습니다.

Атайын курулган канал үч түнөлдөн өтүп келип суусактагычка куят.
특수하게 건설된 수로는 터널 세 개를 지나와서 저수지로 물을 퍼붓습니다.

Сууну күзүндө, кышында суу сактагычка топтошот.
그들은 물을 가을, 겨울에 저수지로 모읍니다.

Ал эми жазында жана жайында айдоо аянттарына атайын каналдар менен суу берилет.
한편, 봄과 여름에는 경작지로 특수 수로들을 통해 물이 공급됩니다.

Төрткүл суу сактагычы эзели суу көрбөгөн, какырап жаткан талаага курулган.
퇴르트퀼 저수지는 예로부터 물 구경 해보지 못하고, 바짝 말라붙어 있던 들판에 건설되었습니다.

Ошондуктан, анын курулушун жер кыртышын изилдеген окумуштуулар көзөмөлгө алып, суу сактала турган аянттын бүткүл бардыгына полиэтилен төшөлгөн.
그래서 그것의 건설을 지표면을 연구하는 학자들이 감독했고, 물이 저장될 구역의 전체 바닥에 폴리에틸렌이 깔렸습니다.

Бул суу көрбөгөн какыр жерге суунун пайдасыз эле сиңип кетүүсү, жер астынын экологиясынын бузулуу коопсуздугун алдын алгандык болуп саналат.
이것은 물 구경을 못 했던 메마른 땅속으로 물이 허무하게 스며들어 가는 것을 막고, 지하 생태계 파괴 위험 예방 조치로 간주됩니다.

Төрткүл суу сактагычына 90 млн³ суу батат.
퇴르트쾰 저수지에는 9000만 세제곱미터의 물이 들어갑니다.

Ал жүздөгөн гектар айдоо аянттарын, өрүктүү чарбактарды, жүзүм талааларын сугарат.
그것은 수백 헥타르의 경작지, 살구 과수원, 포도밭을 관개합니다.

Суу сактагыч Кызыл-Жол, Кызыл-Бел, Төө-Таш, Бужум, Баткен, Чет-Кызыл, Чоң-Талаа, Кара-Бак кыш-тактарынын суу менен камсыз болушун жакшыртты.
이 저수지는 크즐 졸, 크즐 벨, 퇴 타쉬, 부줌, 바트켄, 체트 크즐, 총 탈라, 카라 바크 마을의 용수 확보를 개선시켰습니다.

단어


топтош- 무리지어 모이다, 떼지어 모이다 эзели 1. 예로부터, 애초부터, 태초부터 2. 결코, 전혀 какыра- 1. 굉음을 내다, 우르르 소리 나다, 달그락거리는 소리를 내다. 2. 바싹 마르다, 바짝 말라버리다, 쩍쩍 갈라지다 какыраган таш 바싹 마른 돌 какыраган кыш 매서운 겨울 какырай- 1. 삐쭉 서 있다, 솟아 있다 2. 잘 배치되어 있다, 잘 정돈되어 있다 көзөмөл 1. 관찰력 있는, 통찰력 있는, 날카로운 2. 관찰, 감독, 감시 көзөмөлгө ал- 감독하다, 감시하다, 통제하다 төшөл- 1. 깔리다, 펼쳐지다, 밑에 깔리다 2. 숙달하다, 익히다 таш төшөлгөн көчө 돌이 깔린 거리 асфальт төшөл- 아스팔트가 깔리다, 아스팔트로 포장되다 төшөлгөн жазуучу 숙달된 작가 көңүлү төшөл- 마음이 평온해지다 какыр 1. 황폐한, 메마른 2. 마른 땅, 건조한 곳 какыр-чикир 1. 더러운, 지저분한, 불결한 2. 잡동사니, 쓰레기, 고물, 불결한 것들 3. 마찰하는 소리, 긁히는 소리 какыр- 가래를 뱉다, 뱉어내다 алдын ал- 예방하다, 미리 방지하다 камсыз бол- 보장되다, 공급받다, 갖추어지다, 충분히 제공되다

=====

지문


КЫРГЫЗСТАН
키르기스스탄

Кыргызстан - тоолуу өлкө.
키르기스스탄은 산이 많은 나라입니다.

Кыргыз тоолору бийик жана токойлуу.
키르기스의 산들은 높고 울창합니다.

Анын аркайган аскалары, чокулары асман тирейт.
그것의 높이 솟아오른 바위들, 봉우리들은 하늘을 찌릅니다.

Тоону көздөй канчалык көтөрүлсөң, ошончолук салкын тартып турат.
당신이 산을 향해 높이 올라간다면, 그만큼 서늘해집니다.

Бийиктеген сайын өсүмдүктөр дүйнөсү да алмашып, өзгөрө баштайт.
올라갈 수록 식물계도 바뀌고, 변하기 시작합니다.

Тоолордун тескей тарабы адатта токойлуу болот.
산들의 북사면은 보통 숲이 우거져 있습니다.

Кыргызстандын түндүк тарабындагы тоолордо карагай, арча өсөт.
키르기스스탄 북쪽 지역에 있는 숲들에서는 가문비나무와 향나무가 자랍니다.

Ал эми түштүк тарабындагы тоолордо карагай, арча, жаңгак, алча, өрүк дарактары өсөт.
한편 남쪽 지역에 있는 숲들에서는 가문비나무, 향나무, 호두나무, 벚나무, 살구나무가 자랍니다.

Тоолордон шаркырап аккан суулардын жээктеринде кайың, тал, четин, долоно өңдүү, кооз жыгачтар да арбын.
산들에서 콸콸 흐르는 계곡 주변에는 자작나무, 버드나무, 마가목, 산사나무와 같은 아름다운 나무들도 많습니다

Тоолордун күнгөй беттеринде, көбүнчө бөрүкарагат, коктуларында чычырканак, алтыгана, чие, ыргай, шилби, моюл, итмурун, чекенде сыяктуу бадал өсүмдүктөрү болот.
산들의 남사면에는 주로 매자나무가, 계곡들에는 비타민나무, 골담초, 야생 체리, 인동덩굴, 괴불나무, 귀룽나무, 로즈힙, 마황 같은 관목 식물들이 있습니다.

Тоо этектериндеги түздүктөрдө коёнтомук, карабурак, кекире, шыбак сыяктуу көп жылдык өсүмдүктөр жолугат.
산기슭의 평원들에는 коёнтомук, карабурак, 엉겅퀴, 쑥 등과 같은 다년생 식물들이 눈에 띕니다.

Кыргызстандын тоолору жаз айларынан баштап, кеч күзгө чейин, жашыл тартып турат.
키르기스스탄의 산들은 봄부터 시작해서, 늦가을까지 푸른 빛을 띱니다.

Тоолордо миң тамыр, эрмен, аркар оту, аткулак, аюу оту, кийик оту, бозунач, андыз, кымыздык, ышкын өңдүү дары чөптөр эң эле көп.
산들에는 서양톱풀, 향쑥, 아르카르풀, 소리쟁이, 곰풀, 백리향, 떡쑥, 목향, 수영, 대황과 같은 약초들이 아주 많습니다.

단어


аркай- 1. 앙상하다, 뼈가 튀어나오다, 튀어나오다, 삐져나오다 2. 높이 솟다, 솟아오르다 тескей 응달, 음지, 북쪽 비탈, 북사면 күнгөй 양달, 양지, 남쪽 비탈, 남사면 кокту 큰 골짜기, 협곡, 골짜기

=====

지문


БИШКЕК
비슈케크

Бишкек - Кыргыз Республикасынын борбору.
비슈케크는 키르기스 공화국의 수도입니다.

Бишкектин көчөлөрү, проспекттери, аллеялары кенен, таза жана түптүз.
비슈케크의 거리들, 대로들, 가로수길들은 넓고, 깨끗하고, 아주 곧습니다.

Шаардын калкын жумушка автобустар, троллейбустар, таксилер ташыйт.
도시의 주민들을 직장으로 버스들, 트롤리버스들, 택시들이 실어나릅니다.

Кыргызстандын борборунда бир нече театрлар, филармония, цирк жана ондогон кинотеатрлар бар.
키르기스스탄의 수도에는 여러 개의 극장들, 필하모니 극장, 서커스장 및 수십 곳의 영화관들이 있습니다.

Шаардын күн чыгыш тарабына завод, фабрикалар көп курулган.
도시의 동쪽에 공장, 경공업 공장이 많이 건설되었습니다.

Борбор шаардын заводдорунан айыл чарба машиналары, электр кыймылдаткычтары, электрондук техникалар чыгат.
수도의 공장들에서는 농기계들, 전기 모터들, 전자 기기들이 생산됩니다.

Фабрикаларынан болсо кездемелер, бут кийимдер, кийим-кечелер тигилип, конфеттер, печеньелер чыгат.
경공업 공장들에서는 직물들, 신발들, 의류들이 제조되고, 사탕들과 쿠키들이 생산됩니다.

Бишкек илимий борбор.
비슈케크는 학문의 중심지입니다.

Бишкекте Кыргыз Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Мамлекеттик Улуттук унивеситети, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык университети, Кыргыз Мамлекеттик медицина академиясы, Кыргыз агрардык академиясы, И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети, Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Кыргыз Мамлекеттик Улуттук консерватория жана башка жогорку окуу жайлар бар.
비슈케크에는 키르기스 국립 과학 아카데미, 키르기스 국립 대학교, I. 아라바예프 키르기스 국립 사범대학교, 키르기스 국립 의학 아카데미, 키르기스 농업 아카데미, I. 라자코프 키르기스 기술대학교, 키르기스 국립 건설 교통 건축 대학교, 키르기스 국립 음악원 및 기타 대학교들이 있습니다.

Шаарда сегиз жүз миңден ашуун калк жашайт.
도시에는 80만 명 이상의 주민이 살고 있습니다.

Кыргыздар, орустар, украиндер, уйгурлар, немистер, казактар жана башка элдер ынтымактуу жашашат.
키르기스인들, 러시아인들, 우크라이나인들, 위구르인들, 독일인들, 카자흐인들 및 그 외 민족들이 화목하게 살고 있습니다.

=====

지문


Манас бешке чыккыча баспады, бечел аталды.
마나스는 5살까지 걷지 못해서 앉은뱅이라고 불렸습니다.

Дайыма энеси эркелетип жүрдү.
항상 그의 어머니는 그를 귀여워하며 지냈습니다.

Ал беш жашында гана кас-кас турду, там-туң баса баштады.
그는 5살이 되어서야 간신히 일어났고, 아장아장 걷기 시작했습니다.

Манас алты жашында эр жетти.
마나스는 여섯 살에 성인이 되었습니다.

Жети жашында ал кырк баланы курап алып, жортуул курат.
7살때 그는 40명의 아이들을 모아서, 원정대를 조직했습니다.

Манастын ата-энеси Жакып менен Чыйырды.
마나스의 부모님은 자큽과 츼으르드입니다.

Манаска улуу балдар да каяша айталбайт, тике карашпайт.
마나스에게 나이가 더 많은 아이들도 말대꾸하지 못했고, 똑바로 쳐다보지 못했습니다.

Ага дүйнөнүн тыйынча баркы жок болду.
그에게는 세상의 가치가 한 푼 어치도 없게 되었습니다.

Эңке жеңил экен деп, тай туяк жамбыны сака кылып чүкө ойнойт.
그는 '너무 가볍구나'라고 말하며, 말발굽 모양의 은괴를 주사위 삼아서 공기놀이를 합니다.

Жакып менен Чыйырды анын амандыгын тилейт.
자큽과 츼으르드는 그의 안녕을 기원합니다.

Жакып аялы менен акылдашып, макулдашты.
자큽은 그의 아내와 상의하고, 합의합니다.

Баланы чоң койчу Ошпурга бермек болду.
아이를 큰 양치기인 오슈푸르에게 맡기기로 했습니다.

Байбичеси бул акылды эп көрдү, макул болду.
그의 아내는 이 의견을 옳다고 생각했고, 동의했습니다.

단어


бечел 1. 앉은뱅이 2. 약골, 허약자 ара бечел 약골인 청년, 허약한 청년 эркелет- 귀여워하다, 어루만지다 кас-кас 아장아장 кас-кас тур- 아기가 간신히 일어서다 там-туң 아장아장 там-туң бас- 아장아장 걷다, 걸음마를 시작하다 жортуул 원정, 군사적 습격, 습격 каяша 반대, 말대꾸, 반박 каяша айт- 말대꾸하다, 토를 달다, 말대답하다, 대들다 каяша бер- 말대꾸하다, 토를 달다, 말대답하다, 대들다 эңке 매우, 무척, 너무 жамбы 1. 은괴, 말굽은 2. 귀금속, 보석, 정련된 광물 3. 과녁, (민속놀이) 은괴 맞추기 кара кулак жамбы 대형 은괴 акылдаш 조언자, 상담역, 멘토, 측근, 심복, 동지 акылдаш- 의논하다, 상의하다, 협의하다, 서로 조언을 구하다 эп көр- 찬성하다, 동의하다 옳게 여기다, 옳다고 생각하다 өөн көр- 이상하게 여기다, 부적절하다고 생각하다

=====

지문


УЛУУ КЫТАЙ СЕПИЛИ
만리장성

Улуу Кытай сепили - ажайып курулуш, байыркы доор эстелиги, эң чоң керемет.
만리장성은 놀라운 건축물이고, 고대 시대의 유적이며, 가장 큰 기적입니다.

Байыркы заман менен орто кылымдарда түндүк жана батыш Кытайда көчмөндөр жашап, мекендеген.
고대 시대와 중세 시대에 중국 북서부에는 유목민들이 살면서 거주하고 있었습니다.

Кытай империясы күчөгөн кездерде көчмөндөрдүн конушун басып алган да, өзүнө караткан.
중국 제국은 강성해졌을 때 유목민들의 야영지를 점령하고, 자신에게 복속시켰습니다.

Бирок, бара-бара бийликтин алы кетет, начарлайт.
그러나 점차 정권이 힘이 빠지고, 쇠퇴합니다.

Улуу Кытай өз ара чатакташат, майдаланат, бөлүнүп-бөлүнүп кетет.
위대한 중국은 서로 다투고, 잘게 쪼개지고, 완전히 갈기갈기 분열되었습니다.

Көчмөндөр ички аймактарга чейин жетет, эрлерин туткундайт, аялдарын күң кылат.
유목민들은 내부 지역들까지 다다라서, 남자들을 포로로 잡고 여자들을 여종으로 삼았습니다.

Мына ушундай зомбулуктан улам Кытай хандары биздин заманга чейин ІХ-III кылымдарда эле көчмөндөр ашып келчү ашууларга коргон кура баштаган.
바로 이러한 폭력 때문에 중국의 왕들은 기원전 9세기~3세기 벌써 유목민들이 넘어오던 고개들에 성벽을 건설하기 시작했습니다.

단어


сепил 1. 요새, 성곽, 방어 시설 2. 철옹성, 불굴의 힘 карат- 1. 보게 하다, 시키다 2. 방향을 주다, 향하게 하다 3. 종속시키다, 복종시키다, 복속시키다 4. 교배시키다 карата (여격과 함께) ~에 관해서, ~에 따라, ~를 맞이해서 бери карата ~부터 시작해서, ~한 지 벌써 ошондон бери карата 그때부터 жер карат- 난처한 처지에 빠뜨리다, 곤란한 처지에 빠뜨리다 каратып туруп 눈앞에서, 버젓이 алы кет- 힘이 빠지다, 기진맥진하다, 녹초가 되다, 무력해지다, 기력이 쇠하다, 능력이 상실되다 алы куру- 힘이 바닥나다, 기진맥진하다, 녹초가 되다, 무력해지다 начарла- 나빠지다, 악화되다. 상태와 기력이 떨어지다, 쇠퇴하다 начарлан- 약해지다, 쇠약해지다, 힘이 빠지다 абал начарлан- 상황이 나빠지다, 시국이 악화되다 көзү начарлан- 시력이 나빠지다, 눈이 흐려지다 ден соолугу начарлан- 건강이 악화되다, 쇠약해지다 майдала- 1. 잘게 나누다, 잘게 만들다, 잘게 쪼개다, 부수다 2. 가늘게 뿌리다, 가늘게 내리다, 가늘게 흩뿌리다 3. 잔돈으로 바꾸다, 소액으로 교환하다 акча майдала- 잔돈으로 바꾸다 майдалап сүйлө- 1. 예의 바르게 말하다, 조리 있게 말하다 2. 사소한 것에 대해 말하다 майдалан- 잘게 부서지다, 잘개 쪼개지다, 바스러지다, 가루가 되다, 분쇄되다, 세분화되다, 갈라지다 туткунда- 포로로 잡다, 생포하다, 감금하다, 사로잡다 күң 여종, 여자 노비, 여자 노예 зомбулук 폭력, 강압, 학대, 억압, 횡포, 만행, 행패, 무법천지 зордук-зомбулук 폭력과 횡포, 강압적 폭거 үй-бүлөлүк зомбулук 가정 폭력

=====

지문


КИТЕПКАНА
도서관

Кыргызстандагы эң чоң китепкана - Кыргыз мамлекеттик улуттук китепканасы.
키르기스스탄에서 가장 큰 도서관은 키르기스 국립 민족 도서관입니다.

Ал Кыргызстандын борбору - Бишкек шаарынын дал ортосунан орун алган.
그것은 키르기스스탄의 수도인 비슈케크 시의 정중앙에 자리잡고 있습니다.

Китепкананын имараты чоң жана кенен.
도서관 건물은 크고 넓습니다.

Дубалдары ак, көк, кызыл мрамор таштары менен кооздолгон.
벽들은 흰색, 파란색, 빨간색 대리석들로 장식되어 있습니다.

Айланасындагы эмен, карагай, кайың жана мажүрүм талдарга атайын курулган фонтандар жан киргизет.
주변에 있는 참나무, 가문비나무, 자작나무 그리고 수양버들에게 특별히 건축된 분수들이 생기를 불어넣고 있습니다.

Бирде чыгыштан, бирде батыштан соккон Чүйдүн тентек шамалы дарактардын баштарын тынымсыз кыймылга келтирип турат.
때로는 동쪽에서, 때로는 서쪽에서 부는 취이의 장난꾸러기 바람은 나무들 꼭대기를 끊임없이 움직이게 만들고 있습니다.

Китепкана студенттерге, китеп окуучуларына, аспиранттарга, окумуштууларга жана башка окурмандарга жыл бою кызмат кылат.
도서관은 학생들, 독서가들, 대학원생들, 학자들 그리고 기타 독자들에게 일 년 내내 봉사합니다.

Анын китеп сактооч жайларында гуманитардык илимдерге, табигый илимдерге, техникалык илимдерге тиешелүү миңдеген наамдагы китептер бар.
그곳의 도서 보관실들에는 인문과학, 자연과학, 기술과학에 관한 수천 가지 제목이 있는 책들이 있습니다.

Бишкектен, Москвадан, Бакудан, Анкарадан, Алматыдан, Ташкенден жана башка толуп жаткан шаарлардан чыккан гезиттер, журналдар да келип турат.
비슈케크, 모스크바, 바쿠, 앙카라, 알마티, 타슈켄트 및 수많은 도시들에서 발행된 신문들, 잡지들도 들어옵니다.

Китепкананын залдарына жогорку окуу жайлардын студенттери курстук иштерди, дипломдук иштерди, ар түрдүү докладдарды, рефераттарды жазуу үчүн көп келишет.
도서관의 열람실들에는 대학교의 학생들이 학기 논문들, 졸업 논문들, 다양한 발표들, 소논문을 쓰기 위해 많이 옵니다.

단어


кооздол- 꾸며지다, 장식되다, 단장되다, 아름다워지다 жан киргиз- 생기를 불어넣다 кыймылга келтир- 움직이게 하다, 작동시키다, 가동시키다, 활성화시키다, 출동시키다 окурман 독자

Post a Comment

다음 이전