키르기스스탄 러시아인 학교 키르기스어 과목 교과서 2012년 7학년 08 키르기스 국립 도서관

키르기스스탄 러시아인 학교 키르기스어 과목 교과서 2012년 7학년 08 키르기스 국립 도서관



지문


Акылбек: - Болотбек, кулунум...
아클벡 : "볼로트벡, 나의 망아지야...

Мени сагындыңбы?..
나를 그리워했니?

Мен да сени сагындым...
나도 너를 그리워했어.

куса болдум, кулунум...
너무 그리웠단다, 내 아이야...

Болотбек, качан келип комузуңду колуңа аласың?
볼로트벡아, 언제 와서 너의 코무즈를 손에 잡을 거니?

Ушинтип эле илинип тура береби?
이렇게 계속 매달려만 있을 거니?

Келсеңчи, келип ырдап берсеңчи...
와주렴, 와서 노래해 주렴.

Ырыңды сагындым, күүңдү сагындым!
네 노래가 그리워, 네 연주가 그리워!

Кыял-жоругуңду сагындым!
네 행동거지가 그리워!"

Болотбек: - Урушка кеткен жеке эле мен белем, ата?!
볼로트벡 : "전쟁터로 떠난 사람이 오직 저였나요, 아버지?!

Мага окшогондордун далайы кетпеди беле.
저와 비슷한 사람들의 상당수가 많이 떠나가지 않았나요.

Кана, алардын канчасы кайра айлына кайтып барды?
자, 그들 중 몇이나 다시 마을로 돌아갔나요?

Сен өңдөнүп уулун күткөн аталар аз эмес го...
당신처럼 아들을 기다리는 아버지들이 적지 않잖아요..."

Акылбек: - Болотбек! Болотбек!..
아클벡 : "볼로트벡! 볼로트벡!...

Баары бир сен келесиң!
어쨌든 너는 돌아올 거야!

Келүүгө тийишсиң!
반드시 돌아와야만 해!

Күтөм сени!
나는 너를 기다릴 거야!

Мен өлбөй сени күтүп жүрө бе-ремин!
나는 죽지 않고 계속 너를 기다리고 있을 거야!"

단어


куса 1. 그리움, 애타는 마음, 슬픔 2. 간절한 소망, 욕구 куса бол- 간절히 바라다, 너무 그립다 кыял-жорук 1. . 행동거지 2. 성품과 행동, 성격, 인품 3. 버릇 жекеге чакыр- 결투를 신청하다 жекеге чык- 결투에 나가다 жеке-жеке 하나씩, 낱낱이 жеке иретте 개별적인 순서로 жеке киши 개인 өңдөн- 1. 닮다, 비슷하다, ~처럼 보이다 2. 안색이 좋아지다, 혈색이 돌다, 생기가 생기다, 생기가 돌다 бул өңдөнгөн 이것과 비슷한, 이런 өңдөнүп  ~처럼, ~와 같이 баары бир 1. 어쨌든 2. 상관없다 3. 매한가지다

=====

지문


МЕН ДАРЫГЕР БОЛГУМ КЕЛЕТ
저는 의사가 되고 싶습니다

Бүгүнкү күндө ар кандай кызыктуу кесиптер көп.
오늘날 다양한 흥미로운 직업들이 많습니다.

Алардын ичинен мага дарыгерлик кесип абдан жагат.
그것들 중에서 저는 의사 직업이 매우 마음에 듭니다.

Ал абдан керектүү кесип.
그것은 매우 필요한 직업입니다.

Анткени дарыгер адамдын ден соолугу үчүн күрөшөт.
왜냐하면 의사들은 사람의 건강을 위해 투쟁하기 때문입니다.

Бул кесипке ээ болуш үчүн өтө көп окуу керек.
이 직업을 갖기 위해서는 매우 많은 공부가 필요합니다.

Дарыгерлик кесип адам өмүрүн сактоодо чоң жоопкерчиликти талап кылат.
의사라는 직업은 사람의 생명을 지키는 것에서 큰 책임감을 요구합니다.

Менин атам менен апам дарыгер болуп ооруканада иштешет.
저의 아버지와 어머니는 의사로 병원에서 근무하십니다.

Атам хирург, апам болсо балдар догдуру.
아버지는 외과 의사이고, 어머니는 소아과 의사입니다.

Бош күндөрүмдө атам иштеген бейтапканага келип турамын.
저는 쉬는 날에 아버지가 근무하는 병원으로 들르곤 합니다.

Анын аткарган дарыгерлик иштерине байкоо жүргүзөмүн.
저는 그가 수행하는 의료 업무를 관찰합니다.

Атамдын негизги милдети - оорукчандарга хирургиялык операция жасоо.
아버지의 주된 업무는 환자들에게 외과 수술을 집도하는 것입니다.

Операциядан кийин аларды дарылайт.
그는 수술 후에 그들을 치료합니다.

Оорулууларга жылуу мамиле жасап, алардын ден соолугуна өзгөчө камкордук көрөт.
그는 환자들을 따뜻한 태도로 대하고, 그들의 건강에 특히 관심을 기울입니다.

Ушундай дарылоодон соң, алар тез арада айыгып кетсе, атам өзүн өтө бактылуу сезет.
이러한 치료 후에, 그들이 빠르게 회복하면, 저의 아버지는 스스로 매우 행복함을 느낍니다.

Эгерде үй-бүлөдө бирөөбүз ооруп калсак, атам менен апам медициналык тез жардам көрсөтүшөт.
만약 우리 가족 중 누군가 아프게 되면, 아버지와 어머니께서 의학적으로 빠르게 도움을 주십니다.

Алар ар убакта биздин ден соолугубузга жакшы камкордук көрүп турушат.
그들은 항상 우리들의 건강을 잘 보살피고 있습니다.

Атам менен апам өз кесибин ардактап сүйүшөт.
아버지와 어머니는 자신의 직업을 소중히 여기고 사랑합니다.

Алар адам өмүрүн сактап калуу аракетинде кызмат кылышат.
그들은 사람의 생명을 구하내기 위한 행동으로 봉사합니다.

Мен да келечекте атам менен апамдай дарыгер боломун.
저도 미래에 아버지와 어머니 같은 의사가 될 것입니다.

단어


жоопкерчилик 책임, 책임감 бейтапкана 병원, 진료소, 의원 байкоо жүргүз- 관찰하다, 지켜보다 оорукчан 1. 병약한, 잔병치레가 많은, 앓는, 자주 아픈, 병에 걸리기 쉬운 2. 환자 оорукчал 1. 병약한, 잔병치레가 많은, 앓는, 자주 아픈, 병에 걸리기 쉬운 2. 환자 хирургиялык 외과의, 외과적인. хирургиялык клиника 외과 병원, 외과 클리닉 хирургиялык операция 외과 수술 хирургиялык операция жаса- 외과 수술을 하다, 외과 수술을 집도하다 жылуу мамиле жаса- 따뜻하게 대하다, 따뜻한 태도로 대하다 камкордук 배려, 돌봄, 보살핌, 후원, 보호 камкорлук 배려, 돌봄, 보살핌, 후원, 보호 камкордук көрсөт- 보살핌을 베풀다, 배려를 나타내다 камкордук менен 배려를 담아, 정성스럽게 ден соолугуна камкордук көр- 건강을 돌보다, 건강에 신경 쓰다, 건강에 관심을 기울이다 дарылоо 치료 тез арада 빠른 시일 내에, 즉시 айыгып кет- 완쾌하다, 회복하다, 병이 낫다

=====

지문


МАНАС ЭПОСУ
마나스 서사시

"Манас" кыргыз элинин баатырдык эпосу.
마나스는 키르기스 민족의 영웅 서사시입니다.

Эпосто Манас баатырдын биримдик, достук, ынтымак жана тынчтык үчүн жүргүзгөн күрөшү баяндалат.
서사시에는 마나스 영웅의 단결, 우정, 화합, 그리고 평화를 위해 수행한 투쟁이 서술됩니다.

Анда кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты, тарыхы жана баатырдык турмушу кеңири чагылдырылган.
거기에는 키르기스 민족의 관습, 풍습, 역사 및 영웅적인 삶이 폭넓게 반영되어 있습니다.

Улуу эпосубуз эне тилибиздин алтын казынасы.
우리들의 위대한 서사시는 우리 모국어의 황금 보물창고입니다.

Кыргыз тилинин сан жеткис сөз байлыгы да ушул дастанда.
키르기스어의 헤아릴 수 없는 어휘의 풍성함도 이 서사시에 있습니다.

Эпос "Манас", "Семетей", "Сейтек" бөлүмдөрүнөн турат.
서사시는 "마나스", "세메테이", "세이텍"이라는 부분들로 이루어져 있습니다.

Көлөмү боюнча ага теңдеш дастан жок.
규모 면에서 그것과 대등한 서사시는 없습니다.

"Манас" эпосу дүйнө элдеринин тилдерине да которулган.
"마나스" 서사시는 세계 여러 민족들의 언어들로도 번역되었습니다.

"Манастын" көп варианттары жана аткаруучулары бар.
"마나스"의 많은 판본들과 구연하는 사람들이 있습니다.

Алар манасчылар деп аталат.
그들을 마나스 시인들이라고 부릅니다.

Эпосто Бакай ата, Кошой балбан, чебер уз Каныкей апа, чоролор: Алмамбет, Чубак, Сыргак жана башка каармандардын ак ниеттик, акылмандык, калыстык жана сарамжалдуулук сапаттары даңазаланат.
서사시에서는 바카이 아타, 코쇼이 발반, 재주 있는 장인 카니케이 아파, 전우들인 알맘베트, 추바크, 시르가크 및 다른 등장인물들의 선의, 지혜, 공정함과 절약하는 성품들이 찬양됩니다.

Ал эми Коңурбай, Жолой, Абыке, Көбөш сыяктуу терс каармандардын канкордугу, арамдыгы, чыккынчылыгы, эки жүздүүлүгү да берилет.
한편 콩우르바이, 졸로이, 아브케, 쾨뵈쉬와 같은 부정적인 인물들의 살인적 행위, 부정함, 배신, 이중성도 제시됩니다.

Кылымдар бою көз карандысыздык, эркиндик үчүн кыргыз элинин жүргүзгөн күрөштөрүн ушул дастандан окуп билебиз.
우리들은 수 세기 동안 독립, 자유를 위해 키르기스 민족이 수행한 투쟁들을 이 서사시를 읽고 알게 됩니다.

단어


каада 1. 관습, 전통, 풍습 2. 습관, 버릇, 관례 3. 존경, 예우, 격식, 품위 чагылдыр- 반사하다, 비추다, 반영하다, 나타내다 чагылдырыл- 반사되다, 비춰지다, 반영되다 көлөм 부피, 규모, 크기, 용적 сарамжалдуу 알뜰한, 검소한, 야무진, 꼼꼼한 даңазала- 명성을 떨치다, 칭송하다, 기리다, 널리 알리다 даңазалан- 칭송받다, 이름을 떨치게 되다, 유명해지다 терс 반대의, 거꾸로의, 엇나가는, 부정적인 терс кет- 반대 방향으로 가다, 어긋나다 терс кара- 불만스럽게 고개를 돌리다 терс бата (손바닥을 아래로 향하게 하여 빌어주는 것) 저주, 악담 терс багыныңкы (문법) 양보절 канкордук 1. 잔혹함, 잔인함, 포악함, 피에 굶주림 2. 용기, 대담함, 영웅적 면모 арамдык 1. 불결함, 금기, 부정함 2. 부정직함, 악의, 딴마음 чыккынчылык 배신, 반역, 배반, 매국 행위 эки жүздүүлүк 이중성, 표리부동

=====

지문


МЕКТЕПТИН КИТЕПКАНАСЫНДА
학교 도서관에서

Владик: - Саламатсыңбы, Каныкей?
블라딕 : "안녕, 카느케이?"

Каныкей: - Саламатсыңбы?
카느케이 : "안녕?

Сен экзамендерге кандай даярданып жатасың?
너는 시험들을 어떻게 준비하고 있어?"

Владик: - Мен китепканага кыргыз тилинен экзамендик дилбаяндарды жазууга келдим.
블라딕 : "나는 도서관으로 키르기스어로 시험 레포트들을 쓰러 왔어."

Каныкей: - Албетте, кыргыз тили жана адабияты мугалимибиз сабакта дилбаяндардын темаларын жаздырган.
카느케이 : "당연하지, 우리 키르기스 언어와 문학 선생님은 수업 시간에 작문 주제들을 쓰게 했어."

Владик: - Менин ишим оңунан чыкты.
블라딕 : "내 일이 잘 풀렸어.

Сага жолукканыма кубанычтамын.
너를 만나서 기뻐.

Кана эмесе, ишке киришели!
자 그러면, 일을 시작하자!"

Каныкей: - Бизге керек адабияттардын бардыгы бул китепканада бар экен.
카느케이 : "우리에게 필요한 문학들 전부가 이 도서관에 있어.

Аларды бир сыйра карап чыгалы да, дилбаян жаза баштайлы.
그것들을 한 번 쭉 살펴보고, 레포트를 쓰기 시작하자."

Владик: - Мен макулмун!
블라딕 : "좋아!"

단어


жаздыр 쓰게 하다, 받아 적게 하다, 작성시키다 оңунан чык- 잘 풀리다, 잘 되다 бир сыйра 한 차례, 한 번 쭉 карап чык- 훑어보다, 검토하다

=====

지문


КЫРГЫЗ УЛУТТУК КИТЕПКАНАСЫ
키르기스 국립 도서관

Бишкектеги эң чоң китепкана - Кыргыз улуттук китепканасы.
비슈케크에서 가장 큰 도서관은 키르기스 국립 도서관입니다.

Анын окуу залдары жарык, кенен жана таза.
그곳의 독서실은 밝고 넓으며 깨끗합니다.

Китепканада керектүү илимий жана адабий окуу китептеринин бардыгы бар.
도서관에는 필요한 과학적이고 문학적인 학습 도서들 전부가 있습니다.

Алар кыргыз, орус, англис, француз, немец, кытай жана башка тилдерде жазылган.
그것들은 키르기스어, 러시아어, 영어, 프랑스어, 독일어, 중국어 및 기타 언어들로 쓰여 있습니다.

Китептер абдан көп болгондуктан, алардын арасынан керектүүнү табыш керек.
책들이 매우 많기 때문에, 그것들 사이에서 필요한 것을 찾아야 합니다.

Бул учурда каталогдун жардамы менен изделет.
이 경우에는 카탈로그를 이용해서 찾습니다.

Кыргыз улуттук китепкана эч убакта бош болбойт.
키르기스 국립 도서관은 언제든 비어 있지 않습니다.

Ага илимий кызматкерлер, окумуштуулар, аспиранттар, студенттер, окуучулар келишет.
그곳으로 과학 연구원들, 학자들, 대학원생들, 대학생들, 학생들이 옵니다.

Алар керектүү окуу китептеринен каалагандай даярданышат.
그들은 필요한 책으로 원하는 대로 학습합니다.

Китепканада ар бир илимдин тармагы боюнча өзүнчө бөлүмдөр иштейт.
도서관에는 각 학문 분야별로 별도의 부서들이 운영됩니다.

Илимий, көркөм, тарыхый, чет элдик адабият жана искусство боюнча да атайы окуу залдары бар.
과학, 문학, 역사, 외국 문학 및 예술에 관한 특별한 열람실들도 있습니다.

Анда окуп, билимдерди тереңдетүүгө зарыл шарттар түзүлгөн.
그곳에는 공부하고 지식을 심화시키기에 필요한 조건들이 조성되어 있습니다.

Мугалимдер жана окуучулар да бош убактыларында китепканага барып турушат.
교사들과 학생들 또한 한가한 시간에 도서관에 가곤 합니다.

Алар китеп окуу жана гезит-журналдардын жаңы сандары менен таанышуу үчүн китепканага келишет.
그들은 독서 및 신문 및 잡지의 최신호들을 열람하러 도서관으로 옵니다.

Бардыгыбыз Кыргыз улуттук китепканасы менен абдан сыймыктанабыз.
우리들 모두 키르기스 국립 도서관을 매우 자랑스러워합니다.

단어


жардамы менен ~의 도움으로, ~를 이용해서, ~를 사용해서 кызматкер 1. 직원, 종사자, 일꾼 2. 고용인, 하인, 일꾼 3. 봉사자, 대리인, 일꾼 аспирант 대학원생

Post a Comment

다음 이전