지문
БИЛИМ КҮНҮ
학문의 날
Күз келди.
가을이 왔습니다.
Жаңы окуу жылы башталды.
새 학년이 시작되었습니다.
Окуучулар майрамдык маанайда кайрадан мектепке чогулушту.
학생들은 축제 분위기에서 다시 학교로 모여들었습니다.
Мектепте Билим күнүнө арналган салтанаттуу майрам уюштурулду.
학교에서 학문의 날을 기념하는 성대한 행사가 열렸습니다.
Бул майрамга мугалимдер, ата-энелер жана коноктор да келишти.
이 행사에 선생님들, 부모님들과 손님들도 왔습니다.
Алар мектеп окуучуларына билим алууда албан ийгиликтерге жетишүүнү
каалашты.
그들은 학생들에게 학업에서 다양한 성과를 거두기를 기원했습니다.
Билим майрамында жашы жеткен бөбөктөр 1-класска кабыл алынды.
지식의 날 행사에서 연령에 다다른 아이들은 1학년으로 받아들여졌습니다.
Ата-энелер аларга ар кандай белектерди тартуулашты.
부모님들은 그들에게 여러 가지 선물을 건넸습니다.
Окуучулар мугалимдерди куттуктап, кооз гүлдестелерди беришти.
학생들은 선생님들을 환영하고, 아름다운 꽃다발을 드렸습니다.
단어
майрамдык 축제의, 명절의 маанай 기분, 심정, 안색, 분위기, 무드 салтанат 1.
축제, 잔치, 성대한 행사 2. 영광, 명예, 영예 3. 화려함, 웅장함 салтанаттуу
1. 성대한, 장엄한, 엄숙한 2. 화려한, 번쩍이는, 장식된 уюштурул 조직되다,
구성되다, 개최되다 албан 1. 여러 가지의, 각양각색의, 다양한 2. 독특한,
특별한, 특이한
=====
지문
ОКУУ ЖЫЛЫ БАШТАЛГАНДА
학년이 시작될 때
Индияда окуу жылы июнь айында башталат.
인도에서는 학년이 6월에 시작됩니다.
Бул күнү мугалимдер окуучуларга эң кызыктуу элдик легендалардан айтып
беришет.
이날 선생님들은 학생들에게 가장 재미있는 민족 설화를 이야기해줍니다.
Ата-энелер мугалимдерди жаңы окуу жылы менен куттукташат.
부모님들은 선생님들을 새학년을 맞아 축하합니다.
Мугалимдердин моюндарына гүл гирляндаларын илишет.
그들은 선생님들의 목에 꽃 화환을 걸어드립니다.
Японияда апрель айында, алчалар гүлдөгөндө окуу башталат.
일본에서는 4월에, 벚꽃이 개화할 때 학업이 시작됩니다.
Мектепке окуучулар эшик алдына бут кийимдерин чечип киришет.
학생들은 문 앞에서 신발을 벗고 들어갑니다.
Ал эми Кытайда окуучулар окууга кыпкызыл бажырайган гүлдестелерди алып
келишет.
그리고 중국에서는 학생들이 학교로 새빨갛게 활짝 핀 꽃다발을 가지고 옵니다.
Окуу дене тарбия сабагынан башталат.
수업은 체육 수업으로 시작됩니다.
Германияда болсо бул күнү балдар түркүн таттуу салынган баштыкчаларды
белекке алып, абдан кубанышат.
독일에서는 이 날 아이들이 다양한 단 것이 담긴 주머니를 선물로 받고, 매우
기뻐합니다.
Финляндияда окуучулар жыл аягына чейин мектеп эмеректерин булгабай,
сындырбай таза сактоого сөз беришет.
핀란드에서는 학생들이 연말까지 학교 기물을 더럽히지 않고, 부수지 않으며
깨끗하게 유지하겠다고 약속합니다.
Эгерде ант аткарылбаса, айып төлөнөт.
만약 약속이 지켜지지 않으면, 벌금이 지불됩니다.
단어
гирлянда 1. 화환 2. 꽃 장식 3. 줄 장식 ил 1. 걸다 2. 달다 3. 매달다 4.
씌우다 5. 제기하다 бут кийим 1. 신발 2. 구두 3. 운동화 бажырай 1.
말똥말똥하다, 초롱초롱하다 2. 활짝 피다 3. 화사하게 웃다, 생기 있게 웃다,
환히 웃다 баштыкча 1. 작은 가방 2. 작은 주머니 жыл аягы 연말 аяк 1. 발,
다리 2. 끝, 밑, 하류, 마지막 3. 하층민, 평민, 결과 аяк 그릇, 잔, 사발,
식기 аяк 쪽, 편, 곳 аяк бас (어떤 나이에) 도달하다 суу аягы 강 하류
аяк-табак 식기 ант аяк 맹세의 잔 бата аяк 축복의 잔 аяк-быягында
여기저기에, 이쪽저쪽으로 аяк-тиякта 이쪽저쪽에 ант аткар 약속을 지키다,
맹세를 지키다 төлө 움막, 토굴, 돌 은신처 төлө 지불하다, 갚다, 내다,
납부하다 налог төлө 세금을 내다 айып төлө 벌금을 내다 төлөн 어떤, 그런
палан-төлөн 이러쿵저러쿵 төлөн 지불되다, 납부되다, 갚아지다
=====
지문
КЫРГЫЗСТАН - МЕНИН МЕКЕНИМ
키르기스스탄은 저의 조국입니다.
Биздин Мекенибиз - Кыргызстан.
우리들의 조국은 키르기스스탄입니다.
Анын жалпы аянты 198 чарчы чакырымга барабар.
그것의 총 면적은 198 제곱 킬로미터입니다.
Азыркы маалымат боюнча өлкөбүздө 5 миллиондон ашуун калк жашайт.
최신 정보에 따르면 우리나라에는 500만 명 이상의 인구가 살고 있습니다.
Бардыгы жети аймак бар.
그것에는 전부 일곱 개의 지역이 있습니다.
Алар Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Талас, Нарын деп аталат.
그것들은 취이, 오쉬, 잘랄라바드, 바트켄, 으슥쾰, 탈라스, 나른이라고 불립니다.
Кыргызстандын борбору - Бишкек шаары.
키르기스스탄의 수도는 비슈케크 시입니다.
1991-жылдын 31-августу Кыргызстандын көз карандысыздыгынын күнү.
1991년 8월 31일은 키르기스스탄이 독립한 날입니다.
1993-жылы эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл
алынган.
1993년에 자주적인 키르기스 공화국의 첫 번째 헌법이 채택되었습니다.
Ушул эле жылы улуттук валютабыз - сомго ээ болгонбуз.
바로 그 해에 우리들은 우리들의 통화인 솜을 가지게 되었습니다.
Аны пайдалануу менен эсеп, соода-сатык иштерин эркин жүргүзөбүз.
그것을 사용함으로써 우리들은 계산, 상거래를 자유롭게 수행합니다.
1992-жылы 5-мартта мамлекеттик Туубуз (авторлору: С. Иптаров, Б.
Жайчыбеков, Э. Айдарбеков, Ж. Матаев, М. Сыдыков) кабыл алынган.
1992년 3월 5일에 우리의 국기(저자: С. Иптаров, Б. Жайчыбеков, Э.
Айдарбеков, Ж. Матаев, М. Сыдыков)가 채택되었습니다.
Андагы негизги белгилер Күн жана боз үйдүн түндүгү.
그 안에 있는 주요 상징은 태양과 유르트의 튄뒥입니다.
Түндүк - элибиздин тарыхый жашоосунун чексиздиги, үзүлбөгөн өмүрдүн
символу.
튄뒥은 우리 민족의 역사적 삶의 영속성, 끊이지 않는 생명의 상징입니다.
Күн - түрлүү улуттарга нурун тегиз чачыратып турат.
태양은 다양한 민족들에게 그 빛을 평등하게 퍼뜨리고 있습니다.
1992-жылы 18-декабрда мамлекет-тин салтанаттуу Гимни бекитилген.
1992년 12월 18일에 국가의 엄숙한 국가가 확정되었습니다.
Гимндин сөзү Ж. Садыков менен Ш. Кулиевдики, музыкасы Н. Давлесов менен К.
Молдобасановдуку.
국가의 가사는 Ж. Садыков와 Ш. Кулиев의 것이고, 음악은 Н. Давлесов와 К.
Молдобасанов의 것입니다.
Аны бардыгы жатка билишет жана ырдашат.
그것을 모두가 외워서 알고 있으며 함께 부릅니다.
Ал эми 1994-жылы 14-январда мамлекеттик Герб кабыл алынган.
그 후 1994년 1월 14일에 국장이 승인되었습니다.
Гербдин авторлору А. Абдраев, С. Думанаев.
국장의 제작자들은 А. Абдраев, С. Думанаев 입니다.
Анда касиеттүү Ысык-Көлгө, ыйык Ала-Тоого алтын нурун чачыраткан Күн жана
канатын жайган айкөл Манастын Ак шумкары тартылган.
그 안에는 신비로운 이식쿨, 성스러운 알라투에 황금빛을 비추는 태양 및
날개를 펼친 관대한 마나스의 하얀 매가 그려져 있습니다.
Биз мекенибиз менен сыймыктанабыз жана даңктанабыз!
우리들은 우리들의 조국을 자랑스러워하고 찬양합니다!
단어
чакырым 거리, 킬로미터 калк 1. 인구 2. 민중 3. 국민 эгемен 1. 주권 2. 독립
3. 자치 эгемендүү 1. 주권의 2. 독립적인, 자주적인 валюта 1. 통화 2. 화폐
улуттук валюта 통화, 법정화폐 жүргүз 1. 가동하다, 운전하다, 움직이게 하다,
작동시키다 2. 경영하다, 운영하다, 주도하다, 진행하다 үстөмдүк жүргүз
지배하다, 주도권을 행사하다 чарба жүргүз 농장을 경영하다, 살림을 운영하다
соода 1. 상업 2. 거래 сатык 1. 판매 2. 매매 соода-сатык 1. 상거래 2. 매매
эсеп 1. 계산, 셈, 지불 2. 회계, 결산, 보고 3. 측면, 방법, 수단 башка
кишинин эсебинен жаша 남의 덕으로 살다 орто эсеп менен 평균적으로 эсепке
ал 기록하다, 관리하다 эсеп бер 보고하다, 책임을 지다 бир эсептен
한편으로는, 한 면에서는 эсебин тап (누군가를 다룰) 해결책을 찾다, 방법을
찾아내다 күн эсеби: 길흉일을 가리는 계산, 택일 негизги 1. 주요한 2.
근본적인 чексиздик 1. 무한 2. 영속성 бекитил 1. 승인되다 2. 확정되다 жатка
외워서, 암기해서, 암송해서 касиеттүү 1. 은혜로운, 복이 있는 2. 신성한,
거룩한, 신비로운 айкөл 1. 대인배, 관대한, 마음이 넓은 2. 구슬 장식 3.
적대감, 불화 айкөл салыш 서로 미워하기 시작하다, 서로 싸우기 시작하다
даңкта 이름을 떨치다, 찬양하다, 기념하다, 널리 알리다, 이름을 드높이다
даңктан 명예로워지다, 이름을 드높이다, 영광스럽게 여기다, 찬양하다
=====
지문
МЕКЕН
조국
Бул сөз бардыгыбыз үчүн абдан кымбат.
이 말은 우리 모두에게 매우 소중합니다.
Мекен - бул ар кимдин киндик каны тамган жери гана эмес, ал ажайып керемет
- өлкөбүз кыргыз жери.
조국은 모든 사람의 탯줄의 피가 떨어진 곳일 뿐만 아니라, 놀라운 기적인
우리들의 나라 키르기스 땅입니다.
Биздин Мекен жөнүндө легенда, ырлар да өтө көп.
우리의 조국에 관한 전설, 노래도 매우 많습니다.
Ата мекен тууралуу айта берсек сөз түгөнгүс.
우리들이 조국에 관해 계속 이야기한다면 말은 끝이 없을 것입니다.
Ал эми улуу даанышман баатырлар дагы өз өмүрлөрүн Мекенге арнашкан.
그리고 위대하고 현명한 영웅들 또한 자신들의 삶을 조국에 바쳤습니다.
Биздин Мекен - Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгаринин мекени, Курманжан
датканын мекени, Алыкул менен Чыңгыздын мекени, Мекенибиздин эркиндиги
үчүн күрөшкөн улуу инсандарыбызды эч качан унутпайбыз.
우리들은 우리들의 조국이 주수프 발라사군과 마흐무드 카슈가리의 조국이며,
쿠르만잔 다트카의 조국이고, 알르쿨과 칭기즈의 조국이며, 우리 조국의 자유를
위해 투쟁한 위대한 인물들을 결코 잊지 않습니다.
Силер мектепте окуйсуңар, билимдүү болуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
여러분이 학교에서 공부하고, 똑똑해지기 위한 모든 조건이 조성되어 있습니다.
Мунун баарын силерге Мекен тартуулаган.
이 모든 것을 여러분에게 조국이 선사했습니다.
Ошондуктан силер да аны коргоого даяр болгула, өз Мекениңерди сүйө
билгиле.
그러므로 여러분도 그것을 지키는 것에 준비가 되어 있어야 하고, 스스로 여러분의 조국을 사랑할 줄 알아야 합니다.
단어
киндик 1. 배꼽, 탯줄 2. 고향 3. 중심, 뿌리, 근본, 핵심 киндик кес 탯줄을
자르다 киндик эне 1. 산파 2. 아이의 영적 대모 киндик кескен жер 태어난 곳,
고향 киндик канын бууган жер 태어난 곳, 고향 киндик комитети 중앙위원회
киндик буу 탯줄을 묶다 даанышман 현자, 지혜로운 사람, 철인, 성인 инсан
인간, 사람
=====
지문
МЕНИН МЕКТЕБИМ
나의 학교
Менин мектебим айылдын ортосунда жайгашкан.
저의 학교는 마을 중앙에 위치해 있습니다.
Эки кабаттуу.
그것은 2층입니다.
Мектепке чейин асфальтталган жол салынган.
학교까지 아스팔트로 포장된 도로가 놓였습니다.
Бул жол менен балдар мектепке барышат.
이 길로 아이들이 학교로 갑니다.
Мектептин жанында дарыкана менен китепкана жанында жайгашкан.
학교 옆에는 약국과 서점이 나란히 자리잡고 있습니다.
Мектептин айланасында бак-дарактар отургузулган.
학교 주변에는 나무들이 심어져 있습니다.
Күн ысыганда окуучулар ал жерде көлөкөлөп ойношот.
날이 더울 때는 학생들이 그곳에서 그늘에서 쉬면서 놉니다.
Бак-дарактар аркылуу өткөн жол менен спорттук аянтчага барышат.
그들은 나무들 사이를 지나가는 길을 통해 운동장으로 갑니다.
Ал жерде оюндардын түрлөрү боюнча мелдешке чыгышат.
그들은 그곳에서 게임의 종류에 따라 경기에 나섭니다.
Мектептин ичи талапка ылайык көркөмдөлгөн.
학교 안은 요구에 적합하게 예쁘게 꾸며져 있습니다.
Биз таза, жарык жана жашылдандырылган класстык бөлмөлөрдө билим алып
жатабыз.
우리들은 깨끗하고 밝고 식물들로 꾸며진 교실에서 지식을 얻고 있습니다.
"Айылдык билим берүү" долбоору аркылуу ком-пьютердик борбор ачылган.
"농촌 교육" 프로젝트를 통해 컴퓨터 센터가 개설되었습니다.
Сабактан кийин биз компьютердик сабаттуулукка үйрөнөбүз.
수업이 끝난 후 우리들은 컴퓨터 활용 능력을 배웁니다.
Сүрөт искусствосуна, музыкага жана кол өнөрчүлүккө кызыккандар ийримдерге
катышат.
회화, 음악, 그리고 수공예에 관심 있는 사람들은 동아리 활동에 참여합니다.
Жыл сайын мектептин дилгир окуучулары олимпиаданын жеңүүчүлөрү болушат.
매년 학교의 열정적인 학생들은 올림피아드 대회의 우승자가 됩니다.
Бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларына карай кетишет.
졸업생들은 고등 교육 기관을 향해 떠납니다.
Мен мектебим менен сыймыктанамын.
저는 저의 학교를 자랑스럽게 여깁니다.
단어
асфальт 아스팔트 асфальтта 아스팔트로 포장하다 асфальттал 아스팔트로
포장되다 отургуз 1. (누군가를) 앉히다, 앉게 하다 2. 자리잡게 하다 3. (나무
등을) 심다 4. (관용구) 할례를 행하다 отургузул 1. (누군가가) 앉혀지다,
앉게 되다 2. 자리잡게 되다, 자리잡히다 3. (나무 등이) 심어지다 4. (관용구)
할례가 행해지다 көлөкөлө 1. 그늘에서 쉬다 2. 그림자를 드리우다, 그림자가
생기다 талап 1. 요구, 요청, 필요 2. 소망, 목표, 지향, 의도 ылайык 적절한,
어울리는 ылайык көр 적절하다고 여기다, 알맞게 여기다, 적당하다고 보다
акылга ылайык далил 합리적인 증거 чечимге ылайык 결정에 따라, 결정에 따른
ылайык эмес 어울리지 않는 талапка ылайык 1. 기준에 맞게 2. 요구에 부합하게
көркөмдө 아름답게 하다, 꾸미다, 멋지게 하다, 장식하다, 미화하다
көркөмдөл 아름답게 되다, 꾸며지다, 멋지게 되다, 장식되다, 미화되다
жашылдан 푸르러지다, 초록색으로 변하다 жашылдан 눈물이 글썽이다, 눈물이
고이다 жашылдандыр 1. 푸르게 만들다 2. (나무와 덤불을 심어서) 아름답게
가꾸다, 녹화하다 жашылдандырылган 1. 녹화된 2. 푸르게 꾸며진 3. 식물이
심어진 билим ал 1. 공부하다 2. 배우다 долбоор 1. 기획안, 초안, 계획안 2.
구상안, 설계도, 도식 долбор 프로젝트, 계획 долбордо 설계하다, 계획하다,
기획하다, 구상하다 долбордон 설계되다, 계획되다, 기획되다, 구상되다
сабаттуу 글을 아는, 문해력이 있는, 학식 있는 сабаттуулук 문해력, 식자,
학식 сүрөт искусствосу 1. 회화 2. 미술 кол өнөрчүлүк 수공예 дилгир 1.
간절히 바라는, 열망하는, 열정적인 2. 열성가, 애호가 дилгир 1. 열망하다,
간절히 원하다 2. 결의를 보이다, 단호해지다 бүтүрүүчү 졸업생
댓글 쓰기