지문
Биздин жерибиз ар түрдүү минералдык сууларга бай.
우리들의 땅은 다양한 광천수들이 풍부합니다.
Минералдык суулар Кыргызстандын бир топ жерлеринен табылган.
광천수들은 키르기스스탄의 여러 곳에서 발견되었습니다.
Азыр алар Жети-Өгүздөн, Жалал-Абаддан, Ак-Суудан, Кара-Шородон, Арашандан
чыгат.
현재 그것들은 제티-외귀즈, 잘랄-아바드, 아크-수, 카라-쇼로, 아라샨에서
나옵니다.
Бул суулар ашказанга, өткө, ичеги-карынга абдан пайдалуу.
이 물들은 위장, 담낭, 소화기관에 매우 유익합니다.
Алар кадимки суудан химиялык составы, даамы, ичүүгө жагымдуулугу менен
айырмаланып турат.
그것들은 일반적인 물과 화학적 성분, 맛, 마시기에 좋음으로 차이가
납니다.
단어
минералдык 미네랄의, 광물의 минералдык суу 광천수 бир топ 여러, 상당한, 꽤
많은 ичеги 장, 창자 карын 위, 배 ичеги-карын 위장관, 장기, 소화기관
кадимки 일반적인 химиялык 화학적인 состав 맛 жагымдуу 마음에 드는,
매력적인 жагымдуулук 매력, 호감, 쾌적함, 아름다움
=====
지문
- Амансыңбы, куттуу талаа?
"별 일 없니, 행복한 들판아?"
- Аманчылык, келдиңби Толгонай?
"안녕, 왔니 톨고나이?
Билем.
나는 알아.
Келериңди күтүп жаткам, Толгонай.
나는 네가 올 것을 기다리고 있었어, 톨고나이야.
Бул жолу сен баланы да ээрчитип келмек эмес белең?
이번에 너는 아이도 데리고 올 거 아니었어?"
- Ооба. Бирок бул жолу да жалгыз келдим.
"응, 하지만 이번에도 나는 혼자 왔어."
- Демек, сен ага эчтеке айткан эмес экенсиң да, Толгонай.
"그러니까, 너는 그에게 아무것도 말하지 않았던 거구나, 톨고나이."
- Жок, айта албадым.
"아니, 나는 말할 수 없었어."
=====
지문
Кыргыз жеринин жаратылышы абдан кооз.
키르기스 땅의 자연은 매우 아름답습니다.
Анын тоо-токойлору, талаалары четтен келген адамды таң калтырбай
койбойт.
그것의 산과 숲들, 들판들은 외부에서 온 사람을 반드시 감탄하게
만듭니다.
Чокуларын ак кар баскан Ала-Тообуз, кереметтүү көлдөрүбүз, кооз
токойлорубуз, тоодон агып түшкөн туптунук сууларыбыз - булардын баары
жерибиздин, элибиздин байлыгы.
꼭대기들을 하얀 눈이 덮은 우리의 알라 산, 우리의 경이로운 호수들, 우리의
아름다운 숲들, 산에서 흘러 내려오는 우리의 아주 깨끗한 물들 - 이것들
모두가 우리 땅과 우리 민족의 자산입니다.
Тоо-токойлорубузда өскөн түркүн чөптөр да дары-дармектик касиетке
ээ.
우리의 산과 숲들에서 자란 다양한 풀들도 약리적인 특성을 가지고
있습니다.
Кыргыз тоолорунда байыртадан дарылыгы менен белгилүү болгон мумиёнун да
көп экендиги аныкталды.
키르기스의 산들에는 예로부터 약효로 유명했던 무미요도 많다는 사실이
밝혀졌습니다.
단어
таң калтыр 놀라게 하다, 감탄시키다 таң калтырбай койбо 반드시 놀라게 하다,
감탄시키지 않을 수 없다 таң 놀람, 경악 кереметтүү 경이로운, 훌륭한
туптунук 아주 맑은, 아주 깨끗한, 투명한 дары-дармек 약, 약제 аныкта
확인하다, 밝히다 аныктал 확인되다, 밝혀지다
=====
지문
ОСМОНААЛЫ СЫДЫК УУЛУ
오스모날르 스득 울루
Бул адам кыргыз элинин тунгуч агартуучуларынын бири.
이 사람은 키르기스 민족의 첫 번째 계몽가들 중 한 명입니다.
Ал - Бухарадан окуган окумуштуу.
그는 부하라에서 공부한 학자입니다.
Анын биринчи эмгеги "Мухтасар тарых Кыргызия" ("Кыскача кыргыз тарыхы")
деген ат менен Уфа шаарында 1913-жылы басылып чыккан.
그의 첫 번째 저작은 "무흐타사르 타르흐 키르기지야"("간략한 키르기스
역사")라는 이름으로 우파 시에서 1913년에 출판되었습니다.
Андан кийин ошол эле эмгек 1914-жылы "Тарых кыргыз Шадмания" ("Шабдан
жеринин кыргыз тарыхы") деген ат менен кайра басылган.
그 후 바로 그 저작이 1914년에 "타르흐 키르기스 샤드마니야"("샵단 땅의
키르기스 역사")라는 이름으로 다시 인쇄되었습니다.
Ушул эки эмгекте кыргыз элинин тарыхы берилген.
이 두 저서에는 키르기스 민족의 역사가 수록되었습니다.
단어
тунгуч 첫 번째의, 선구적인 агартуучу 계몽가, 교육자 басылып чык 출판되다,
간행되다
=====
지문
- Бул кайсы китеп?
"이것은 어떤 책이야?"
- Бул - Осмонаалы Сыдык уулунун китеби.
"이것은 오스모날르 스득 울루의 책이야."
- Ал ким болгон?
"그는 어떤 사람이었어?"
- Ал тунгуч кыргыз окумуштуусу, агартуучу болгон.
"그는 선구적인 키르기스 학자이자 계몽가였어."
- Ал кайсы мезгилде жашаган?
"그는 어느 시기에 살았어?"
- Ал 1875-жылы туулуп, 1940-жылы дүйнөдөн кайткан.
"그는 1875년에 태어났고, 1940년에 사망했어."
=====
지문
Асан кичүү иниси менен тоого барды.
아산은 어린 남동생과 함께 산으로 갔습니다.
- Байке, бизди карышкыр жейби?
"형, 우리를 늑대가 잡아먹을까?"
- Жок, күндүз карышкыр коркот.
"아니, 낮에는 늑대가 무서워해."
- Карышкырдын баласы барбы?
"늑대의 새끼가 있어?"
- Бар, аны бөлтүрүк дейт.
"응, 그것을 '뵐튀뤽'이라고 불러."
- А түлкүнүн баласынчы?
"그러면 여우의 새끼는?"
- Түлкүнүн баласы - бачики.
"여우의 새끼는 '바치키'라고 불러."
- Чычкандын баласы болобу?
"쥐의 새끼가 있어?"
- Ооба, чычкандын баласы - чие.
"응, 쥐의 새끼는 '치에'야."
단어
бөлтүрүк 새끼 늑대 бачики 새끼 여우 чие 새끼 쥐
=====
지문
Дельфин - сүт эмүүчү жаныбар.
돌고래는 젖을 먹는 동물입니다.
Ал сууда жашайт.
그것은 물에서 삽니다.
Алар абдан боорукер.
그것은 매우 온순합니다.
Чөгүп бараткан адамга да жардам беришет.
그것들은 가라앉아가고 있는 사람에게도 도움을 줍니다.
Дельфин сууда тез сүзөт.
돌고래는 물에서 빠르게 헤엄칩니다.
Аларга деңиз толкундары да тоскоол боло албайт.
그들에게는 바다의 파도들 또한 방해가 될 수 없습니다.
Дельфин маймыл менен итке караганда акылдуу.
돌고래는 원숭이와 개보다 똑똑합니다.
단어
дельфин 돌고래 эм (젖을) 빨다, 먹다 эмүүчү 젖을 먹는, 포유류의 тоскоол
방해, 장애 тоскоол бол 방해가 되다
문법
- '동사어간+АткАн'은 '~하고 있는'이라는 의미다. '동사어간+Ып жаткан'의
축약형이다.
=====
지문
Инкамал апайдын сөзүн уксаң бир укмуш.
당신이 잉카말 선생님의 말씀을 듣는다면 정말 놀랍습니다.
Анын сөзү боюнча, Цейлон аралы - кызык жер.
그녀의 말에 따르면, 실론 섬은 흥미로운 곳입니다.
Маймылы бакта ойнойт.
그의 원숭이는 나무에서 놉니다.
Банан деген мөмөсү шакта ийилет.
바나나라는 열매는 나뭇가지에서 휘어집니다.
Дүр-дүйнөсү жайнайт.
그것의 온갖 보화들이 가득 널려 있습니다.
Жыл маалы кар түшпөйт.
사계절 내내 눈이 내리지 않습니다.
Жалаң гана жай болуп турат.
오직 여름만 계속되고 있습니다.
Өтүгүм жок эле, тумагым жок эле деп санаа тартпайсың.
여러분은 내 장화가 없네, 내 털모자가 없네 하며 걱정하지 않습니다.
Отундун да кереги жок.
장작도 필요없습니다.
단어
апай (여성 교사를 부르는 존칭) 선생님 ий 굽히다, 휘게 하다 ийил 휘어지다,
구부러지다 дүр-дүйнө 온갖 물건, 보화, 세상 만물 жайна (꽃이) 피다, (빛이)
나다, 가득 널려 있다 санаа 1. 생각, 의도 2. 걱정, 근심, 슬픔 санаа тарт
걱정하다, 근심하다
댓글 쓰기