지문
- Ирина, сен "Эрте жаздагы турналар" деген китепти окудун беле?
"이리나, 너는 '이른 봄의 학들'이라는 책을 읽어본 적이 있니?"
- Ооба окугам.
"응, 나는 읽었어."
- Ал китептин автору ким экен?
'그 책의 작가는 누구였어?
Аны ким жазыптыр?
그것을 누가 썼어?"
- Анын автору - Чыңгыз Айтматов.
"그것의 작가는 층그즈 아이트마노프야."
- Ал китеп кызыктуу бекен, эмне жөнүндө экен?
"그 책은 흥미로울까, 무엇에 대한 것일까?"
- Ооба, аябай кызыктуу китеп.
"응, 매우 재미있는 책이야.
Анда согуш мезгилиндеги мектеп окуучуларынын чарбага жардамы жөнүндө
айтылат.
거기에는 전쟁 시기 학교 학생들의 농장 일에 대한 도움에 관하여 이야기되고
있어."
- Мен да ал китепти окуп жатам, мага да аябай жакты...
"나도 그 책을 읽고 있어, 나도 정말 마음에 들어..."
=====
지문
КОЖОМКУЛ БАЛБАН
코좀쿨 장사
Кыргыз элинин атактуу балбаны Кожомкул Каба уулу Суусамыр өрөөнүндө
жашаган.
키르기스 민족의 유명한 장사 코좀쿨 카바 울루는 수사므르 계곡에 살았습니다.
Кожомкул балбандын атасы Каба нечен жолу күрөшкө түшүп, эч кимден жеңилген
эмес.
코좀쿨 장사의 아버지 카바는 여러 번 씨름에 나섰고, 누구에게도 지지
않았습니다.
Кожомкулдун энеси Алмадай да өтө күчтүү аял болгон.
코좀쿨의 어머니 알마다이 또한 매우 힘이 센 여성이었습니다.
Жаш кезинде жолборсту балта менен башка чаап өлтүргөн экен.
그는 젊은 시절에 호랑이를 도끼로 머리를 쳐서 죽였다고 합니다.
Атасын тартып, Кожомкул да жаш кезинен балбан аталды.
아버지를 닮아서, 코좀쿨도 젊은 시절부터 장사로 불렸습니다.
Күчүн элине кызмат кылууга арнады.
그는 그의 힘을 민족에게 봉사하는 것에 바쳤습니다.
Өзү туулуп-өскөн айылында айылдык кенештин төрагасы болуп иштеди.
그는 자신이 태어나고 자란 마을에서 마을 의회 의장으로 일했습니다.
Өмүрү өткөнчө эли-жерине кызмат кылды.
그는 평생 자신의 민족과 조국에 봉사했습니다.
1955-жылы 69 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
그는 1955년에 69세의 나이로 세상을 떠났습니다.
Кожомкул туулуп-өскөн айыл азыр анын атында.
코좀쿨이 태어나고 자란 마을은 현재 그의 이름으로 되어 있습니다.
단어
айылдык 마을의 кенеш 의회, 협의회
=====
지문
АБА ЫРАЙЫН КАНТИП БИЛҮҮГӨ БОЛОТ?
날씨는 어떻게 알 수 있을까요?
Бак-дарактар кыш жана жай мезгилинде аба ырайы кандай болору жөнүндө
маалымат бере алат.
나무들은 겨울과 여름철에 날씨가 어떻게 될지에 대한 정보를 줄 수 있습니다.
Кыш суук боло турган болсо, токойдогу жер-жемиштер, алмалар мөмөнү көп
байлап, түшүмдү мол берет.
만약 겨울이 추워질 것이라면, 숲속의 과일, 사과들은 열매를 많이 맺어서
수확물을 풍성하게 줄 것입니다.
Четин жыгачынын ашы көп байласа да, кыш катуу болот.
체틴 나무의 열매가 많이 열려도 겨울은 혹독하게 춥습니다.
Аба ырайы кандай болорун үйдө отуруп да билүүгө болот.
날씨가 어떻게 될지 집에 앉아서도 알 수 있습니다.
Эки-үч пияз алып, сырткы кабыгын аарчыйт.
두세 개의 양파를 가져와서 겉껍질을 벗깁니다.
Эгерде кабыгы жука болсо, анда кыш жылуу болуп, кар тез-тез эрип турат.
만약 껍질이 얇다면, 그때 겨울은 따뜻하게 되고 눈이 자주 녹습니다.
Балчыларга аба ырайы жөнүндөгү маалыматты аарылар билдирет.
양봉가들에게 날씨에 관한 정보를 벌들이 알려줍니다.
Бал челектин көзөнөктөрүн аарылар өздөрү бекитишет.
벌통의 구멍들을 꿀벌들이 스스로 숨깁니다.
Чоң көзөнөгүн ачык калтырышса, кыш жылуу болот.
큰 구멍을 열어 두면, 겨울은 따뜻할 것입니다.
Кичине көзөнөктөрүн ачык калтырышса, кыш суук болот.
그들이 작은 구멍들을 열어 두면, 겨울은 추울 것입니다.
Аарылар бал челектен эртелеп учуп чыгышса, анда жаз эрте келип, күн тез
жылый баштайт...
벌들이 벌통에서 일찍 날아서 나오면, 그때 봄이 일찍 오고 날씨가 빠르게
따뜻해지기 시작합니다...
단어
аба ырайы 날씨 сырткы 바깥의, 겉의 балчы 양봉가, 벌 치는 사람 челек 통,
그릇 көзөнөк 1. 구멍, 틈새, 공간 2. (세포) 기공, (생물체) 구멍 3. 슬릿,
개구부 бал челек 벌집, 벌통
=====
지문
- О-о, Андрей, кандай, саламатсыңбы, кайдан келатасың?
"오, 안드레이, 어떻게 지내니, 안녕하니, 어디서 오는 중이니?
Көптөн бери көрүшө элекпиз го.
우리 오랫동안 서로 만나지 못했구나.
Ден соолугуң кандай, окууларың жакшыбы?
건강은 어때, 공부 잘하고 있어?"
- Саламатчылык, Адилет.
"안녕, 아딜레트.
Айылдан келаттым эле.
나는 마을에서 오던 길이었어.
Чын эле кездешпегенибизге көп болуптур.
정말 우리가 만난 지 오래되었네.
Ден соолук жа-ман эмес, окууларым да дурус.
건강은 나쁘지 않고, 내 학업들도 괜찮아.
Өзүң кандайсың, окуула-рың жакшыбы?
너는 어떻게 지내, 공부 잘하고 있어?"
- Баары жакшы, Андрей.
"모두 잘 지내, 안드레이.
Кездешкенибиз жакшы болбодубу.
우리가 만나서 정말 다행이야.
Качан келдиң, качан кайра кетесиң?
너는 언제 왔고, 언제 다시 떠나?
Убактың болсо, киного кирели же биздикине баралы.
시간 있으면, 영화 보러 가거나 우리 집으로 가자."
- Ыракмат, Адилет.
"고마워, 아딜레트.
Жаңы эле келдим.
나는 방금 막 도착했어.
Убактым деле болот.
나도 시간 괜찮아.
Эртең кездешели, мен бүгүн туугандарымдыкына барайын.
내일 만나자, 나는 오늘 친척들 집으로 가야 해."
- Болуптур анда, эртең саат экиде жолугушалы, калганын эртең сүйлөшөбүз.
"그렇다면 좋아, 내일 두 시에 만나자, 나머지는 내일 이야기하자."
- Болуптур, Адилет, көрүшкөнчө саламатта бол.
"알았어, 아딜레트, 다시 만날 때까지 잘 지내."
- Болуптур, Андрей, жакшы кал, көрүшкөнчө.
"알았어, 안드레이, 잘 있어, 다음에 보자."
단어
дурус 괜찮은, 올바른 деле 또한, 역시
=====
지문
Караколдо эски үй бар.
카라콜에는 오래된 집이 있습니다.
Ал үй азыр да турат.
그 집은 지금도 있습니다.
Кичинекей чагында Түгөлбай Сыдыкбеков ошол үйдө жалданып иштеген.
어린 시절에 튀괼바이 스득베코프는 바로 그 집에서 고용되어
일했습니다.
Бул мезгил жыйырманчы жылдар эле.
이 시기는 20년대였습니다.
Ошол кичинекей үйдө жалданып иштеген бала чоңойду.
저 작은 집에서 고용되어 일했던 아이가 성장했습니다.
Элине кадырлуу адам болду.
그는 자기 백성에게 존경받는 사람이 되었습니다.
Академиктик даражага жетти.
그는 학자 지위에 다다랐습니다.
Анын 30-жылдары эки китептен турган "Кең-Суу" романы жарык көрдү.
30년대에 그의 두 권의 책으로 구성된 "넓은 물" 소설이
출간되었습니다.
Ошондон бери Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыз романынын баштоочусу катары
белгилүү.
그때부터 튀괼바이 스득베코프는 키르기스 소설의 개척자로 유명합니다.
"Кең-Суу" романынан кийин, ал дагы далай китептерди жазды.
"넓은 물" 소설 이후, 그는 더 많은 책을 집필했습니다.
"Темир", "Биздин замандын кишилери", "Тоо балдары" чыгармалары анын
чеберчилигин өстүрдү.
'철', '우리 시대의 사람들', '산의 아이들' 작품들은 그의 기량을
성장시켰습니다.
Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармалары бизди ар дайым ак ниет болууга,
татыктуу жашоого, эли-жерин чексиз сүйүүгө, элдердин ортосундагы достукту
чыңдоого үндөйт.
튀괼바이 스득베코프의 작품들은 우리들을 항상 선한 의도를 가지도록, 가치
있게 살아가도록, 민족과 조국을 끝없이 사랑하도록, 민족들 사이의 우정을
공고히 하도록 촉구합니다.
단어
жалда 1. (집, 땅, 차 등을) 빌리다, 임대하다 2. (사람을) 고용하다 3. 세
들어서 살다 4. 도급하다, 맡기다 жалдан 1. 고용되다 2. 임대되다 жарык
көр 출간되다 баштоочу 개척자, 시작하는 사람 чебер 숙련된, 솜씨 있는
чеберчилик 기량, 솜씨, 예술성 татык 가치, 자격 татыктуу 가치 있는, 합당한,
걸맞은
=====
지문
Күн чыкты, түш да болду, түңүлүп да калдык.
해가 뜨고, 낮도 되었고, 우리들도 포기하고 말았습니다.
Эми эмне кылабыз.
이제 우리는 무엇을 하나요.
Майсалбек менен жолгушпай калабызбы?
우리들은 마이살벡과 만나지 못하게 될까요?
Аттарга деген жем-чөп да түгөнүп баратат...
말들에게 줄 사료마저도 다 떨어져 가고 있습니다.
Айылга кайра кетүүгө да чыдабайбыз.
우리들은 다시 마을로 돌아갈 생각만 해도 괴롭습니다.
Алиман экөөбүз темир жолчуларга жардамдашып жаттык.
알리만과 저, 우리 둘이서 철도원들을 돕고 있었습니다.
Жолдун ортосундагы карды күрөк менен тазалап жүрөбүз.
우리들은 길 한복판에 있는 눈을 삽으로 치우고 있습니다.
Мен уулума жолуктур деп кудайга жалынам...
저는 제 아들을 만나게 해달라고 신에게 빕니다...
Ушул учурда чыгыш тараптан поезддин кыйкырганы угулду.
바로 이 순간 동쪽에서 기차의 기적 소리가 들렸다.
Мына, ал көрүнүп да калды.
자, 그것도 결국 보이게 되었습니다.
Поезд станциядан өтө берди.
기차가 역을 지나쳐 갔습니다.
Ошол учурда "Апаа-аа", "Алимаан-аан" деген үн угула түштү.
그 순간 "엄마", "알리만" 이라는 소리가 갑자기 들렸습니다.
Карасам, уулум Майсалбек тумагын булгалап жатыптыр.
제가 보았을 때, 제 아들 마이살벡이 자신의 모자를 흔들고 있었습니다.
Ошентип, мен Майсалбегиме жолукпай калдым.
그렇게 저는 저의 마이살벡을 못 만나고 말았습니다.
단어
түңүл 포기하다, 희망을 잃다, 절망하다, 체념하다, 단념하다 жем-чөп 사료
жолуктур 만나게 하다, 만나게 해주다, 주선하다 булгала 흔들어 대다
문법
- '명사 여격 деген'은 '~를 위한', '~에게 주는', '~용' 이라는 의미다.
- '동명사+여격+ да чыдаба'는 '~조차 참을 수 없다', '~할 생각만 해도
괴롭다', '~하는 것조차 괴롭다' 라는 의미다.
댓글 쓰기