키르기스스탄 러시아인 학교 키르기스어 과목 교과서 2005년 6학년 12 모든 것을 아는 선생님

키르기스스탄 러시아인 학교 키르기스어 과목 교과서 2005년 6학년 12 모든 것을 아는 선생님



지문


АРЧА
향나무

Арча Орто Азия тоолорунда өтө көп кездешет.
향나무는 중앙아시아 산들에서 매우 많이 발견됩니다.

Ал бийик тоолордо өсөт.
그것은 커다란 산들에서 자랍니다.

Арча - өтө жай өсүүчү өсүмдүк.
향나무는 매우 느리게 성장하는 식물입니다.

Анын бийиктиги элүү жылда бир жарым, эки метрге гана жетет.
그것의 키는 50년 동안 겨우 1.5에서 2미터까지 자랍니다.

Орто Азия элдеринин, өзгөчө кыргыздардын турмушу байыртадан бери эле арча менен тыгыз байланышкан.
중앙아시아 민족들, 특히 키르기스인들의 삶은 매우 옛날부터 향나무와 밀접하게 연결되어 있습니다.

Балдар төрөлгөндө аларды арча бешикке жаткырышат.
그들은 아이들이 태어나면 그들을 향나무 요람에 눕힙니다.

Алар чоңойгондо арчадан жасалган ээрге минишет.
그들이 성장하면 향나무로 만들어진 안장에 올라탑니다.

Арчадан ар кандай буюмдарды жасашкан.
그들은 향나무로 여러 가지 물건들을 만들었습니다.

Арчадан ацетон, уксус кислотасы жана башка уулуу заттар алынат.
향나무로부터 아세톤, 초산 및 그 외 유독성 물질들이 추출됩니다.

Арча бизге өтө пайдалуу.
향나무는 우리들에게 매우 유용합니다.

Аны биз коргоого тийишпиз.
그것을 우리는 보호해야 합니다.

단어


жаткыр 눕히다 ацетон 아세톤 уксус 식초, 초산

=====

지문


... Чоң атам Айтматты мен көрбөй калдым.
...저는 저의 할아버지 아이트마트를 보지 못하게 되었습니다.

Ал жыйырманчы жылы каза болуптур.
그는 20년도에 사망했다고 합니다.

Күркүрөө суусунун жээгинде эски тегирмендин ташы жатат.
퀴르퀴뢰 강변에 오래된 방앗간의 맷돌이 놓여 있습니다.

Мына ушул жерге чоң атам тегирмен салган экен.
바로 이곳에 제 할아버지가 방앗간을 지으셨다고 합니다.

Аны бир тууганы Биримкул экөө тургузушуптур.
그것을 그의 형제 비림쿨과 둘이서 세웠다고 합니다.

Бирок анысы бат эле өрттөнүп кетиптир.
그러나 그것은 금방 불타버리고 말았다고 합니다.

Буга чоң атам аябай капа болот.
이것 때문에 저의 할아버지는 매우 슬퍼집니다.

Ушундан кийин ал темир жол курулушунда иштеп калыптыр.
그 후 그는 철도 건설 현장에서 일하게 되었다고 합니다.

Өзү менен кошо атам Төрөкулду ээрчитип кетет.
그는 자신과 함께 아버지 토로쿨을 데리고 떠납니다.

Атам шаарга окууга кирет....
저의 아버지는 도시로 학교에 들어갑니다.

단어


бир тууган 형제, 자매

=====

지문


- Кубан, клубга балдар чогулуп жатышыптыр, жүр баралы.
"기뻐해, 클럽에 아이들이 모이고 있대, 가자."

- Балдар клубга эмнеге чогулуп жатышыптыр?
"아이들이 클럽에 왜 모이고 있대?"

- Эмнеге чогулуп жатышканын билбейм, барсак билебиз да.
"왜 모이고 있는지 나는 몰라, 가면 우리도 알 거야."

- Жүрү, кеттик.
"가자, 가자.

Андрейди да кошо ээрчите кетелиби?
안드레이도 같이 데려갈까?"

- Мейли, ага да бара кетели.
"그래, 그도 함께 데려가자."

=====

지문


ЖЕР БАЙЛЫГЫ
지하 자원

Биздин республикабыздын жаратылышы эң кооз.
우리들의 공화국의 자연은 가장 아름답습니다.

Жайы салкын, кышы жылуу, жазы жагымдуу, күзү берекелүү.
여름은 시원하고, 겨울은 따뜻하며, 봄은 쾌적하고, 가을은 풍요롭습니다.

Республиканын токойлорунда жаңгак, алма, алча, алмурут ж. б. жемиштер өсөт.
공화국의 숲들에 호두, 사과, 체리, 배 등등의 열매들이 자랍니다.

Алардын ным сактоочу жана жер кыртышын бекемдөөчү мааниси да зор.
그것들의 습기 유지 및 토양 강화의 의미 또한 큽니다.

Жер алдында пайдалуу кен байлыктары көп.
땅속에는 유용한 광물 자원들이 많습니다.

Башкасын айтпаганда да коло, коргошун, алтын, күмүш, таш көмүр, нефть сыяктуу кендер бар.
다른 것은 차치하더라도 청동, 납, 금, 은, 석탄, 석유 같은 광물 자원이 있습니다.

Биздин жергебиз - бийик тоолуу өлкө.
우리들에게 속한 땅은 높은 산이 많은 나라입니다.

Ошол тоолордун арасында Ысык-Көл, Сонкөл, Сары-Челек сыяктуу көлдөрүбүз жайгашкан.
바로 그 산들의 사이에는 으슥쿨, 송쿨, 사르첼렉과 같은 호수들이 위치해 있습니다.

Бул көлдөр, жомоктордо айтыл-гандай, дүйнөдөгү эң кооз көлдөрдөн.
이 호수들은 전설에 나오는 것처럼 세계에서 가장 아름다운 호수 중 하나입니다.

Буларга жайында көптөгөн эс алуучулар жана саякатчылар келип турушат.
이곳들로 여름에 많은 휴양객과 여행자들이 찾아오곤 합니다.

Биз жергебиздин ушундай байлыгы менен сыймыктанабыз.
우리들은 우리 땅의 이러한 풍요로움으로 자랑스러워합니다.

단어


берекелүү 풍요로운 ным 습기 кыртыш 층, 표면 жер кыртышы 토양 коло 청동 коргошун 납 нефть 석유 айтпаганда да 차치하더라도, 둘째치고, 넘어가더라도 башкасын айтпаганда да 다른 것은 차치하고라도, 다른 것은 둘째치고, 다른 것은 넘어가더라도

=====

지문


ЫСЫК-КӨЛ
으슥쿨

Кыргыз жаратылышынын бермети - Ысык-Көл.
키르기스 자연의 진주는 으슥쿨입니다.

Ал тоо арасында жайгашкан.
그것은 산 사이에 위치해 있습니다.

Анын тарыхта түрдүү аттары сакталып калган.
역사 속에서 그것의 다양한 이름들이 보존되어 남아 있습니다.

Ысык-Көл жылуу көл дегенди билдирет.
으슥쿨은 따뜻한 호수라는 것을 의미합니다.

Анын Туз-Көл деген да аты болгон.
그것은 투즈쿨이라는 이름도 있었습니다.

Андан кийин Тимур-ту-Нор деп да аталып, Темирлүү көл дегенди да билдирип келген.
그 후 티무르-투-노르라고도 불렸으며, 철이 있는 호수라는 것도 의미해 왔습니다.

Бир кездерде Жыт-Көл деп да аташкан.
한때는 짓쿨이라고도 불렀습니다.

Ысык-Көлдүн мындайча аталышы кокусунан болгон эмес.
이식쿨의 이러한 명칭은 우연히 있었던 것이 아니다.

Жоопту буга тарых берет...
역사가 이것에 대해 대답을 줍니다.

Ысык-Көл деңиз деңгээлинен 1623 метр бийик жерде жайгашкан.
으슥쿨은 해발 1623미터 높은 곳에 위치합니다.

Анын аянты 6124 чарчы километрди түзөт.
그것의 면적은 6124 제곱킬로미터에 달합니다.

Узундугу 182 километрге чейин жетет, туурасы 60 километрге барабар.
그것의 길이는 182 킬로미터에 달하고, 그것의 너비는 60 킬로미터입니다.

Тереңдиги жагынан дүйнөдөгү Танганьика, Ньясса жана Байкал көлдөрүнөн кийинки төртүнчү орунда турат.
그것은 깊이 면에서 세계의 탕가니카, 냐사, 그리고 바이칼 호수 다음으로 네 번째 순위에 있습니다.

Эң терең жери 700 метрден ашыгыраак.
그것의 가장 깊은 곳은 700미터가 넘습니다.

Ысык-Көлгө 80ден ашык агын суу келип кошулат.
이식쿨로 80개가 넘는 하천이 유입되어 합쳐집니다.

단어


деңгээл 수준, 높이, 단계, 레벨 деңиз деңгээли 해발 агын суу 하천, 흐르는 물

=====

지문


- Ата, сиз эмне үчүн көптү билесиз? - деп, беш жашар Салкын атасынан сурап калды.
"아빠, 당신은 왜 많은 것을 아세요?" 라고 다섯 살인 살큰이 그의 아버지에게 물어보았습니다.

- Менин эң жакын досум жана жакшы окутуучум бар.
"내게는 가장 가까운 친구와 좋은 스승이 있거든.

Ал баарын билет, мага көп нерсени үйрөтөт, - деди атасы.
그는 모든 것을 알고 나에게 많은 것을 가르쳐 준단다" 라고 아버지가 말했습니다.

- Сиздин окутуучуңуз кайда, эмне үчүн мен аны көргөн жокмун? - деди кызы.
"당신의 선생님은 어디에 있고, 왜 저는 그를 보지 못했나요?" 라고 딸이 말했습니다.

- Сен аны күндө эле көрүп жүрөсүң, ал мына - деп, атасы текчедеги китептерин көрсөттү.
"너는 그것을 매일 보고 있잖아, 그건 바로 여기 있어" 라며 아버지는 선반에 있는 책들을 가리켰습니다.

- Бул китептер сизге кантип үйрөтөт, булар сүйлөгөндү билишпейт да, чоң эле киши да калп айтабы? - деп Салкын ого бетер таң калды.
"이 책들이 당신을 어떻게 가르치나요, 이것들은 말할 줄도 모르는데요, 어른도 거짓말을 하나요?" 라며 살큰은 매우 더 놀랐습니다.

- Булар үйрөтөт кызым, карачы, китептин барагы толтура жазуу.
"이것들은 가르친단다, 딸아, 봐라, 책의 페이지가 글씨로 가득 차 있어.

Бул китепти окуп, адам баласы кантип, качан жаралгандыгын билдим.
이 책을 읽고, 나는 인간이 어떻게, 언제 창조되었는지 알게 되었단다.

Муну окуп, тилдин пайда болушун билдим.
나는 이것을 읽고, 언어의 발생을 알게 되었어.

Китепти көп окусаң, ал сага көптү үйрөтөт.
네가 책을 많이 읽으면, 그것은 네게 많은 것을 가르쳐준단다.

Сен да чоңойгондо китеп окуганды үйрөнөсүң, көптү билесиң, кызым...
너도 자라면 책 읽는 것을 배우게 될 거야, 너는 많은 것을 알게 될 거야, 내 딸아..."

Post a Comment

다음 이전