지문
Бактыбек апасы менен базарга барды.
박트벡은 어머니와 함께 시장에 갔습니다.
Алар коён, тоок, каз, өрдөк саткан аянтка келишти.
그들은 토끼, 닭, 거위, 오리를 파는 구역으로 왔습니다.
- Кайсы коёнду жактырдың? - деп сурады апасы.
"너는 어떤 토끼가 마음에 들었니?"라고 그의 어머니가 물었습니다.
- Ак коён жакты, апа, - деди Бактыбек.
"흰 토끼가 마음에 들어요, 엄마" 라고 박트벡이 말했습니다.
- Бул бөжөгүңүз канча турат? - деп сурады апасы.
"당신의 이 아기 토끼는 얼마에요?"라고 그의 어머니가 물었습니다.
- Элүү сом, - деди сатуучу.
"50솜이요."라고 상인이 말했습니다.
Бөжөк Бактыбекке аябай жакты.
아기 토끼가 박트벡은 매우 마음에 들었습니다.
Үйүнө келгенде:
그는 집으로 갈 때
- Охо, бөжөктү каяктан алдың? Ким сатып берди? - деп сурады атасы.
"오호, 너는 새끼 토끼를 어디서 얻었어? 누가 사주었니?"라고 그의 아버지가 물었습니다.
- Базардан, апам сатып берди, - деди Бактыбек сүйүнүп.
"시장에서, 어머니가 사주셨어요"라고 박트벡은 기뻐하며 말했습니다.
Бактыбек ага чөп, сабиз, беде берип, бага баштады.
박트벡은 그것에게 풀, 당근, 클로버를 주며 기르기 시작했습니다.
단어
беде 클로버
=====
지문
Бактыбек кайда барды?
박트벡은 어디에 있었나요?
Ага апасы эмне сунуш кылды?
그에게 그의 어머니가 무엇을 제안했나요?
Бактыбек эмнеге аябай кубанды?
박트벡은 왜 매우 기뻐했나요?
Атасы уулуна эмне деди?
그의 아버지는 그의 아들에게 무엇을 말했나요?
단어
сунуш 제안, 권유 сунуш кыл 제안하다, 권유하다
=====
지문
Кичинекей кыз көчөдө апасынан адашып калды.
어린 소녀가 거리에서 어머니를 잃어버렸습니다.
Ал ыйлап, өзүнүн апасын издеп жүрдү.
그녀는 울면서 자기 어머니를 찾아다녔습니다.
Эл аны сооротуп:
사람들이 그녀를 달래면서
- Сенин апаң кандай эле? - деп сурашты.
"네 어머니는 어떤 분이시니?"라고 질문했습니다.
Ал кыз жашын төгүп:
그 소녀는 눈물을 흘리면서
- Менин апам баарынан жакшысы, - деди.
"우리 엄마는 모든 사람 중에 최고예요."라고 말했습니다.
단어
соорот 달래다, 위로하다, 그치게 하다
=====
지문
Качандыр бир убакта бир кишинин акылдуу ити болуптур.
옛날 옛적에 한 사람에게 영리한 개가 있었습니다.
Ал үйдү жакшы кайтарчу экен.
그것은 집을 잘 지키곤 했습니다.
Кийин ит картайып эч нерсеге жарабай калат.
나중에 개는 늙어서 아무 것도 할 수 없게 됩니다.
Ээси аны сууга чектүргөнү алып барат.
그것의 주인이 그것을 물에 빠뜨려 죽이려고 데려갑니다.
Кокусунан ээси да сууга түшүп кетет.
갑자기 주인도 물에 빠져 버립니다.
Ал сууга чөгө баштайт.
그는 물에 가라앉기 시작합니다.
Ити аны суудан алып чыгат.
그의 개는 그를 물에서 데리고 나옵니다.
Ээси уялып, итин үйүнө алып келет да, аябай жакшы багып калган экен.
주인은 부끄러워한 후, 그의 개를 집으로 데려왔고, 매우 잘 기르게 되었다고 합니다.
단어
качандыр 언젠가 картай 늙다 чөктүр 가라앉히다, 빠뜨려 죽이다, 익사시키다
кокусунан 갑자기, 실수로, 우연히
=====
지문
Качандыр бир убакта эмне болуптур?
옛날 옛적에 무엇이 있었다고 하나요?
Ал эмне кылчу экен?
그것은 무엇을 하곤 했나요?
Кийин ит эмне болду?
나중에 개는 어떻게 되었나요?
Иттин ээси аны эмне кылды?
개의 주인은 그것에게 무엇을 했나요?
Өзү кантип сууга түшүп кетти?
그 자신은 어떻게 물에 빠져 버렸나요?
Ал кантип аман калды?
그는 어떻게 목숨을 건졌나요?
Ээси итин кантип бакты?
주인은 그의 개를 어떻게 돌봤나요?
단어
аман 안전한, 무사한, 다치지 않은 аман алып кал 1. 회복을 돕다 2. 구하다
=====
지문
Илгери уй, ат, ит - үчөө өз ара талашып калышат:
옛날에 소, 말, 개 - 이 셋이 서로 다투게 되었습니다.
- Мен адамдын бардык жумушун аткарам.
"나는 인간의 모든 일을 수행해.
Мен ээм менен токойдон отун ташыйм.
나는 나의 주인과 함께 숲에서 땔감을 운반해.
Ал мени шаарга минип барат.
그는 나를 도시로 타고 가.
Мени жакшы көрөт, - деди ат.
그는 나를 좋아해"라고 말이 말했습니다.
- Ал мени өзгөчө жакшы көрөт, - деди уй.
"그는 나를 특히 좋아해"라고 소가 말했습니다.
Мен анын үй-бүлөсүн сүтүм менен багам.
"나는 그의 가족을 나의 우유로 먹여 살리고 있어."
- Жок, мени, - деди ит.
"아니야, 나야"라고 개가 말했습니다.
- Мен анын үйүн кайтарам.
"나는 그의 집을 지켜.
Ээси булардын талашын угуп:
주인은 이들의 다툼을 듣고
- Койгула, силердин ар бириңер өз ишиңер менен баалуусуңар, - деди.
"그만해라, 너희들 각자는 자기의 일로 가치가 있다"라고 말했습니다.
=====
지문
ΠΑΧΤΑ
목화
Пахта кыргыз жеринин түштүгүндө айдалат.
목화는 키르기스 땅의 남부에서 재배됩니다.
Аны элибиз "ак алтын" деп аташат.
그것을 우리 민족은 "백금"이라고 부릅니다.
Чындыгында эле, пахта биздин жашоо-турмушубузга эң керектүү.
실로, 목화는 우리들의 생활에 가장 필요합니다.
Андан ар түрдүү кездемелер токулат.
그것으로부터 다양한 직물들이 직조됩니다.
Биздин кийимдерибиз жана башка баалуу буюмдар пахтадан жасалат.
우리들의 옷들과 다른 가치 있는 물건들이 목화로 제작됩니다.
Пахта көп эмгекти талап кылат.
목화는 많은 노동을 요구합니다.
=====
지문
- Айгүл, ата-энеңдин кесиби кайсы?
"아이귈, 너의 부모님의 직업은 뭐야?"
- Менин атам - үй куруучу, апам - тигүүчү.
"내 아버지는 주택 건설업자이고, 내 어머니는 재봉사야."
- Сен үй куруучу же тигүүчү болгуң келеби?
"너는 건설업자나 재봉사가 되고 싶니?"
- Жок, мен үй куруучу да, тигүүчү да болгум келбейт.
"아니, 나는 주택 건설업자도, 재봉사도 되고 싶지 않아.
Мен агроном болгум келет.
나는 농학자가 되고 싶어."
- Сенчи?
"너는?"
- Мен архитектор болгум келет.
"나는 건축가가 되고 싶어."
Балдар, силер дагы кандай кесиптерди билесиңер?
어린이 여러분, 여러분은 또 어떤 어떤 직업들을 아나요?
Силер келечекте ким болгуңар келет?
여러분은 장래에 무엇이 되고 싶은가요?
단어
агроном 농학자, 농업 기술자, 농업 전문가
=====
지문
- Саада, бир жылда канча ай бар?
"사다야, 1년에 몇 개월이 있어?"
- Бир жылда он эки ай бар.
"1년에는 열두 달이 있어."
- Кыргызча алар кандай аталат, билесиңби?
"키르기스어로 그것들을 어떻게 불러, 너 아니?"
- Жок, билбейм.
"아니, 나는 몰라."
- Эмесе үйрөнүп ал:
"그러면 익혀 둬.
январь - үчтүн айы, февраль - бирдин айы, март - жалган куран, апрель - чын куран, май - бугу, июнь - кулжа, июль- теке, август - баш оона, сентябрь - аяк оона, октябрь - тогуздун айы, ноябрь - жетинин айы, декабрь - бештин айы.
1월은 위츠튄 아이, 2월은 비르딘 아이, 3월은 잘간 쿠란, 4월은 츤 쿠란, 5월은 부구, 6월은 쿨자, 7월은 테케, 8월은 바시 오나, 9월은 아약 오나, 10월은 토구즈둔 아이, 11월은 제티닌 아이, 12월은 베슈틴 아이야."
=====
지문
Чабалекей, кара чыйырчык, тонкулдак, торгойлор айыл чарба өсүмдүктөрүн зыян келтирүүчү курт-кумурскалардан сактайт.
제비, 찌르레기, 딱따구리, 종다리들은 농작물들에 해를 끼치는 곤충들로부터 보호합니다.
Бул канаттуулар эгинге, жашылча-жемиштерге, токойлорго эң чоң зыян келтирген курт-кумурскаларды жок кылышат.
이 새들은 곡물, 채소와 과일, 숲들에 가장 큰 피해를 입히는 곤충들을 박멸합니다.
Ошондуктан алар - адам баласынын достору.
그러므로 그것들은 인류의 친구들입니다.
Окуучулар мындай канаттууларга ар дайым жем чачып, жаз айларында уя жасап, кам көрүүлөрү керек.
학생들은 이러한 새들에게 항상 먹이를 뿌려주고, 봄철에 둥지를 만들고, 보살펴야 합니다.
단어
тонкулдак 딱따구리 зыян келтир 피해를 입히다, 해를 끼치다 айыл чарба 농업
айыл чарба өсүмдүктөрү 농작물 жок кыл 없애다, 박멸하다, 파괴하다, 제거하다
адам баласы 인류, 인간
=====
지문
Кайсы канаттуулар пайдалуу?
어떤 새들이 유익한가요?
Чабалекей, кара чыйырчык, тоңкулдак, торгойлор бизге кандай жардам беришет?
제비, 찌르레기, 딱따구리, 종다리들은 우리들에게 어떤 도움을 주나요?
Алар кандай канаттуулар?
그들은 어떤 새들인가요?
Окуучулар бул канаттууларга кантип кам көрүшөт?
학생들은 이 새들을 어떻게 보살피나요?
댓글 쓰기