키르기스스탄 러시아인 학교 키르기스어 과목 교과서 2006년 5학년 33 뭉쳐야 산다




ЫРЫС АЛДЫ - ЫНТЫМАК
행복을 얻었다 - 화목이다

(Жомок)
전설

Бир кездерде акылман карыя болуптур.
옛날에 현명한 노인이 있었습니다.

Анын тогуз уулу бар экен.
그에게는 자식이 9명 있었습니다.

Бирок балдары атасы айткан акылды укпай, ар кимиси өз билгенин кылчу экен.
그러나 그의 자식들은 아버지가 말한 지혜를 듣지 않고, 각자 모두가 자기가 하는 대로 하고 있었습니다.

Биримдиги жок тогуз баланы бөлөк кишилер уруп кетет.
단결하지 않는 9명의 아이는 다른 사람들에게 구타당합니다.

Буга атасы капа болот да, тоого барып тогуз чыбык кыркып келет.
이에 그들의 아버지는 괴로웠고, 산으로 가서 나뭇가지 9개를 베어옵니다.

Балдарын чогултуп:
그는 자식들을 불러모은 후

- Кана, балдарым, күчүнөрдү сынап көрөйүн, мына бул бооланган тогуз чыбыкты чогуусу менен сындыргылачы,- дейт.
"자, 나의 자식들아, 너희들의 힘을 시험해 보자, 여기 이 묶음으로 묶여진 나뭇가지 9개를 통째로 꺾거라" 라고 말합니다.

Бооланган тогуз чыбыкты эч кимиси сындыра албады.
묶여진 나뭇가지 9개를 그 누구도 꺾을 수 없었습니다.

Карыя чыбыктарды бирден таратып берди да:
노인은 나뭇가지들을 하나씩 나눠주고는

Эми сындыргылачы,- деди.
"이제 꺾어보거라"라고 말했습니다.

Балдары бирден чыбыкты дароо сындырып: «Мына»,- деп мактанышты.
그의 자식들은 하나씩 나뭇가지를 바로 꺾은 후 "여기요" 라고 자랑했습니다.

Атасы тогуз уулун отургузуп алып:
아버지는 9명의 자식들을 앉힌 후

"Мен силердин келечегиңерди ойлоп, капа болом.
"나는 너의들의 미래를 생각한 후 마음이 아프다.

Ынтымагыңар, биримдигиңер жок, душманыңар көп, силерди душман жалгыз чыбыктай сындырып коёт.
너희들은 화목함, 단결이 없어, 너희의 적은 많아, 너희들을 적이 혼자인 나뭇가지처럼 꺾을 것이다.

Ал эми бооланган чыбыктай тогузуңар бирдиктүү, ынтымактуу болсоңор, эч ким сындыра албайт.
그러나 지금 묶여 있는 나뭇가지처럼 너희 아홉이 사이가 좋고, 화목하다면, 그 누구도 꺾을 수 없을 것이다.

Ынтымактуу, бирдиктүү болгула", дейт.
화목하게, 사이좋게 되거라"라고 말합니다.

Ушундан кийин тогуз уул ынтымактуу, бирдиктүү болуп, бирин-бири угуп, бирин-бири сыйлап жашап калышат.
그 후로 아홉 아들은 화목하고 사이좋게 되어서, 서로의 말을 경청하고 존중하며 살았습니다.

"Тогуз болсон да, томуктай ынтымак керек" деген сөз ошондон калыптыр.
"아홉 명이라 해도, 복숭아뼈처럼 뭉쳐야 한다"는 말은 여기에서 유래되었습니다.

단어

чыбык 잔가지, 나뭇가지 кырк 썰다, 자르다, 잘라내다 сына 살피다, 보다, 주의 해서 보다, 관찰하다. 관측하다, 주시하다, 검사하다, 시험하다, 테스트하다 боола 묶음으로 묶다 боолан 묶음으로 묶이다 чогуусу менен 통째로, 몽땅, 전부 тарат 1. 나눠주다, 분배하다 2. 해산하다 бирдиктүү 우호적인, 사이좋은, 화목한 томук 복사뼈, 복숭아뼈 томуктай 작은

=====

Карыянын канча баласы бар эле?
노인에게는 자식이 몇 명 있었습니까?

Балдары кандай эле?
그의 자식들은 어땠습니까?

Ал эмнеге капа болду?
그는 왜 마음이 아팠습니까?

Карыя тоого эмне үчүн барды?
노인은 산에 왜 갔습니까?

Балдарын чогултуп, аларга эмне деди?
그는 자식들을 불러모은 후, 그들에게 무엇을 말했습니까?

Карыянын уулдары кайсы чыбыкты сындырышты да, кайсы чыбыкты сындыра алышпады?
노인의 아들들은 어느 나뭇가지를 꺾었고, 어느 나뭇가지를 꺾지 못했습니까?

Карыя уулдарына кандай акыл айтты?
노인은 아들들에게 어떤 조언을 말했습니까?

Балдар кандай жашап калышты?
아이들은 어떻게 살았습니까?

Post a Comment

다음 이전